Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин экс-жетекчиси Юруслан Тойчубеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Бишкектеги офисинде жүргөнү белгилүү болду. Муну тастыктаган сүрөттү “Мегаком” компаниясынын жетекчисине жакында эле кеңешчи болгон Жапаровдун активдүү колдоочусу Төрөхан Жунусбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Мына кызык. Кокуйлап, коррупционерди каяктан издеп жаттыңар эле. Ал эргул жаныңарда эле жашынбай — этпей эле жаркырап жүрүптүр го. Же Тойчубеков билермандарга берчүсүн берип, жолдугун кылып жолун ачып алды беле… Бул адамды ит менен издеп таба албай, ана интерпол менен издеп атышпады беле. Интерполуң деле ишке жарабаган «бир чычым» окшойт. Тойчубековдун мамлекетке 31 млн. сом зыян келтиргени маалым. УКМК ошол акчаны эселеп кусутрдубу, же жең иченен бүтүрүп койдубу? Кыскасы, ит эле болдуңар. Дагы жаныңарды, айлана-тегерегиңерди жакшылап карап көргүлөчү, балким Акаев, Бакиев, Данияр Үсөнов, кечээ качышкан Аскар Шадиев, Алина Шаикова, Бусурманкул Табалдиев, Алыбек Ибраимов, Нурлан Сулайманов ж.б. деле штабдарды жүрбөсүн. Кыскасы, штабдарды тыкыр текшергиле… Далай эргулдарды ошол жерден кездештиресиңер…
Эске салсак, Тойчубеков коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелип, ага Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калган.