Домой Коом Кызарт ашуусун аша албай, нааразы болгон айдоочулардын дооматына ЖТМ жооп берди.

Кызарт ашуусун аша албай, нааразы болгон айдоочулардын дооматына ЖТМ жооп берди.

676

Нарындагы Кызарт ашуусун аша албай, жолдун абалына нааразы болгон айдоочулардын тасмасы тарады.

Тасмадан айдоочулардын: «Кызарттын бели муз. Аябай тайгак. Жол тейлөө мекемеси такыр иштеген жок. Анын жетекчиси «эшек такалап» жүрөбү? Акчанын барын эле жей береби? Булар качан оңолот? Жол тейлөө мекемесинин башчысы иштесең иште, иштебесең кет. Ордуңду бошот. Айдоочулар өздөрү кум чачып жүрүшөт. Жолдо иштегендер жетекчиси баш болуп үйдө отурушат. Унаалар тыгылып, түшө албай же чыга албай турушат», – деп айтканын угууга болот.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошовдун айтымында, Кызарт ашуусунда 1 мастер, 6 жол жумушчу, 1 погрузчик күнү-түнү иштеп жатышат.

«Бизге Эпкин—Баш-Кууганды жолунун 59 чакырымын 7-декабрда беришти. Бирок комиссия келип өткөрүп бере элек. Бүгүнкү күндө Кызарт ашуусуна 1 мастер, 6 жол жумушчу, 1 погрузчик күнү-түнү иштеп жатышат. Кошумча бир автогрейдер, бир автосамосвал келет. Ошондо жалпы 10 киши, 3 жол техника такай иштейт.

Бул видео 5-декабрда чыккан. Бирок бизге айтылган доомат, нааразычылык туура эмес», – деди Моңошов.

булак: turmush.kg