Бишкек шаардык милициясынын билдирүүсүнө ылайык, калаада селсаяктарды аныктоо боюнча кеңири масштабдуу рейд өткөрүлүп, үй-жайсыз 200дөн ашык адам табылды.
Иш-чарага 500дөн көп милиция кызматкери катышып, автобекеттер, жертөлөлөр, кароосуз калган имараттар, чатырлар жана селсаяктар болушу мүмкүн болгон башка жерлер текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган айрым жарандар убактылуу баш калкалоочу борборлорго жеткирилсе, коомдук тартипти бузуп же кылмышка шектелгендер милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Арасында уурулук жана мүлктү уурдоо боюнча шек саналгандар да бар.
Маалыматта белгиленгендей, рейддин башкы максаты — мыйзам бузуулардын алдын алуу, турак жайы жок жана ишсиз адамдарды аныктоо, ошондой эле суук күндөр башталганда оор абалда калган жарандарга жардам көрсөтүү.









