УКМКнын маалыматына караганда, бүгүн Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарынын коммуналдык кызматтарына жалпы наркы 100 миллион сом болгон атайын техникаларды тапшырды. Берилген 36 бирдик техника жол тазалоо, таштанды чыгаруу жана көчөлөрдү суу чачып жууш сыяктуу шаар чарбасына керектүү иштерге арналган.
Ташиевдин айтымында, Ысык-Көлдүн дарбазасы болуп саналган Балыкчы туристтер көп басып өткөн аймак болгондуктан, анын инфраструктурасын жакшыртуу маанилүү багыттардын бири. Бул иштерди колдоого президенттин фондунан 500 миллион сом бөлүү пландалууда.
Иш-чарадан кийин УКМК төрагасы жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.









