ТИМдин маалыматына караганда, бүгүн Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине 2025–2029-жылдар үчүн мүчө болуп шайланды. Учурда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюмдун 43-сессиясы өтүп жатат.
ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңеши — башкы конференциянын чечимдерин даярдоо жана аткаруу менен алектенген, ошондой эле уюмдун стратегиялык жана программалык багыттарын аныктаган негизги башкаруучу орган. Кеңешке төрт жылдык мөөнөткө тандалып алынган 58 мамлекет кирет. Кыргызстан буга чейин да 2019–2023-жылдары аталган органда жемиштүү иш алып барган.
Мындан сырткары, 2012–2016-жылдары өлкө материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин мүчөсү болсо, 2017–2021-жылдары Дүйнөлүк мурастар комитетинде жана Эл аралык коммуникацияны өнүктүрүү программасынын (IPDC) кеңешинде өкүлчүлүк кылган.
Кыргызстандын кайрадан Аткаруу кеңешине шайланышы – анын ЮНЕСКОнун максаттарын жана программаларын ишке ашырууга активдүү катышып келерин, маданияттар аралык кызматташууну жана туруктуу өнүгүү багыттарын илгерилетүүгө кошкон салымын, ошондой эле мүчө мамлекеттердин өлкөгө болгон ишенимин айгинелейт.
ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыз элинин бир нече маданий мурастары кирет. Акыркы жолу бул тизме элечек менен толукталган.









