Бүгүн, 9-декабрда Баткен облусуна вице-премьер-министр Максат Мамытканов облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен алдыдагы президенттик шайлоо боюнча жыйын өткөрдү.
«Урматтуу жетекчилер шайлоого карата даярдыктарды көрүп, өз милдетиңерди так аткарышыңар керек. Баарыңар жооптусуңар, ошон учун ушул иш аракеттерди аткарып жатасынар.Уюштуруу маселелеринде кемчиликтер чыкпасын. Кандай кемчилик болсо ачык айтып, жоюу аракеттерин көрүү керек. Эгер шайлоо учурунда кемчиликтер болсо башыңар менен жооп бересинер. Коопсуздукту камсыздоо керек. Мыйзам бузуу фактылары болбосун. Эгер катталып калса укук коргоо органдарына кайрылгыла. Алар мыйзам негизинде чара колдонсун. Буга чейинки шайлоодогу кемчиликтр кайталанбасын. Негизги кемчилик №2 форма болгон. Ошон үчүн мурдагы кемчиликтер кайталанбай таза, так өтсүн. Шайлоочулардын тизмесин тактагыла.
Мурдагы шайлоонун дагы бир кемчилиги добуш сатып алуу болгон. Акча таратуу, добуштарды сатып алуу – бул мыйзам бузуу. Эгер аныктала турган болсо, укук коргоо органтары иштегиле. Бул шайлоо таза акыйкаттык менен өтүшү керек. Административтик ресурстар колдонулбасын», — деди Мамытканов.