Домой Коом Жапаров: чоңдор үчүн автомектептердеги окуу 14 айдан азыраак болушу мүмкүн

Жапаров: чоңдор үчүн автомектептердеги окуу 14 айдан азыраак болушу мүмкүн

12

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасында айдоочулук күбөлүк алууну каалаган чоңдор үчүн окуу мөөнөтү 14 айдан да кыска болушу мүмкүн экенин билдирди.

Мамлекет башчысы 14 айлык мөөнөт эмне үчүн каралып жатканын түшүндүрдү:

  • 11–12-класстагы окуучулар сентябрда окууну баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша бир жыл ичинде материалды сиңирип чыгат;

  • бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелерине арналган кошумча сабак киргизилет. Аны ИИМдин Жол коопсуздугу кызматы менен Билим берүү министрлиги даярдап жатат. Толук маалымат ноябрдын аягында берилет;

  • бардык окуучулар айдоочулук сабактарды өтөт, бирок “унаа айдабайм” дегендер финалдык экзаменге кирбесе да болот;

  • теориялык билим мектептерде берилсе, практикалык машыгуулар өлкө боюнча ачыла турган автомектептерде өтөт;

  • практикалык сабактар жылдын ар кайсы мезгилин эске алуу менен уюштурулат: жаан-чачында, кар үстүндө, муздак жолдо айдоо, түнкү айдоо жана техникалык мүчүлүштүктөрдө туура аракет кылуу үйрөтүлөт.

Белгилей кетсек, президенттин иш башкармалыгы буга чейин айдоочулар 14 айлык курс аркылуу окутула турганын билдирген. 2026-жылдан тарта жеке автомектептердин ордуна мамлекеттик мектептер ачылары күтүлүүдө.