“Кыргыз көмүр” ишканасынын башчысы Кайрат Маматов Бишкекте көмүр жетишсиз болуп жатат деген дооматтарга түшүндүрмө берди. Анын Sputnik Кыргызстанга билдиргенине караганда, социалдык отун базаларында бир аз тартыштык байкалганы менен абал көзөмөлдөөдө.
Маматовдун айтымында, суук түшкөндөн кийин калк арасында дүрбөлөң күчөп, айрым ортомчулар көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жиберген. Алар социалдык базалардан тоннасын 5,8 миң сомдон алып, интернет аркылуу 7,5–8,5 миң сомдон сунуштап, баанын жогорулушуна себеп болушкан. Кымбат болгондуктан, эл андай көмүрдү сатып алуудан баш тарткан.
Ал төмөнкү пункттарды белгиледи:
-
Бишкекте 16 социалдык база иштеп, көмүр үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Калаага күн сайын 2 миң тоннадан ашык көмүр жөнөтүлүп турат;
-
Жакынкы базадан көмүр алуу үчүн алдын ала телефон чалып, кезекке жазылуу зарыл;
-
“Кыргыз көмүр” Бишкек жана Чүй облусунун тургундары тоннасын 5,8 миң сомдук расмий баада сатып алышы үчүн бардык шарттарды камсыздоого аракет кылууда.









