NBC маалымат агенттиги Ак үйдөгү булактарына таянып кабарлагандай, Дональд Трамптын администрациясы өлкө аймагында мыйзамсыз жашаган мигранттарды убактылуу жайгаштырууга арналган ири кампаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талдап жатат. Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан кампалар башында Amazon сыяктуу компаниялардын логистикалык муктаждыктары үчүн курулган, эми аларды депортациялоо процесси башталган адамдарды кармоого ылайыкташтыруу пландалууда.
Кампа жайлары негизинен АКШнын түштүк бөлүгүндө, мигранттарды чыгарып кетүүчү аэропортторго жакын аймактардан каралып жатат. Азырынча бул маселе сүйлөшүүлөрдүн баштапкы стадиясында гана, ал эми болжолдуу чыгымдар айтыла элек.
Белгилей кетсек, Трамп 20-январдагы инаугурациясынан кийин мыйзамсыз миграциянын агымын токтотуу жана миллиондогон адамдарды өлкөдөн чыгаруу ниетин ачык билдирген. Ошондой эле АКШнын түштүк чек арасындагы абалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланган.









