Домой Экономика Токмок шаарында 29 блоктон турган көп батирдүү ипотекалык турак жайлардын курулушу жүрүп...

Токмок шаарында 29 блоктон турган көп батирдүү ипотекалык турак жайлардын курулушу жүрүп жатат

4

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, Токмок шаарында 29 блоктон турган ири ипотекалык турак жай комплекси курулууда. Долбоордун талабына жараша, тогуз блок 9 кабаттан, дагы 20 блок 15 кабаттан турат. Ар бир кабатта бештен батир жайгашып, комплекстин жалпы батир саны 1905ке жетет. Үйлөр борбордук канализацияга кошулуп, энергияны үнөмдөгөн технологиялар колдонулууда. Ар бир батир жеке газ меши менен камсыздалат.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев объект өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлөрүн белгиледи.

Турак жай комплекси жашоочулар үчүн ыңгайлуу инфраструктура менен толукталмакчы: балдар жана спорт аянтчалары, жашыл зона, тротуарлар, унаа токтотуучу жайлар каралган. Мектеп жана бала бакча да жакын аралыкта жайгашмай болду.