Домой Коом Балдарга түнкүсүн сак болуңуз! Бишкекте «Антикино» рейди жүрүүдө

Балдарга түнкүсүн сак болуңуз! Бишкекте «Антикино» рейди жүрүүдө

4

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, борбор калаада “Антикино” аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө.

8-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат менен ӨКМдин кызматкерлери кино көрсөтүүчү бир катар жайларды кыдырып, түшүндүрүү иштерин өткөрүп, имараттарды кызматтык иттер менен баңгизаттын бар-жогу боюнча текшеришти.

Шаардык милиция бул иш-чара аркылуу коомдук тартипти жана адеп-ахлак нормаларын сактоо маанилүү экенин эскертти. Ошондой эле ата-энелерге кайрылып, жашы жете элек балдарын саат 22:00дөн кийин кароосуз калтырган учурларда административдик жоопкерчилик караларын белгиледи.