Экс-депутат Ширин Айтматованын видеокайрылуусундагы айтылган маалыматтарды Чыныбай Турсунбеков төгүнгө чыгарды.
Эске салсак, Айтматова бир катар депутаттардын ун бизнеси бардыгын тизмелеп жана алар ун бизнесин салыктан бошотуу боюнча мыйзам кабыл алып, бир топ каражат иштеп алышканын айткан.
Алардын арасында «Акун» жана «Бишкекункомбинатынын» кожоюну Чыныбай Турсунбеков да бар.
Бирок, депутат Айтматованын айткандарын четке какты.
«Менин импорттук унду КНСтен бошотуу боюнча мыйзам долбооруна тиешем жок. Ал тургай каршы добуш бергем», — деген депутат «ит үрүп, а кербен жүрө берээрин» белгиледи.
Булак: Саясат