Москвадагы дааратканалардын биринде кыргызстандык аял көз жарып, ымыркайын ошол жерге таштап кеткени айтылды.
Россиялык басылмалардын жазганына караганда, “Коломенская” метросунун жанындагы коомдук дааратканадагы кандын тагын көргөн пол жуугуч аял ичкери кирип, унитазда жаткан ымыркай кызды таап алат. Бул учурда дааратканада көз жарган аялдын акыбалы начарлап, ооруканага кайрылууга аргасыз болот.
Ал дарыгерлерге баланы кайда таштаганын айтып, алар полицияга кабар беришет. Ымыркай 38-39 жумалыгында жарык дүйнөгө келгени, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканы айтылды.
Миграциянын кесепети кыргыз аялдарын балдарын дааратканага таштоосуна чейин жеткирди.
Булак: “Майдан. kg”