Ысык-Көл облусунда курал жарактар менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу атаган облустун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандардын үйүнөн тапанча, октор, бычак жана башка курал жарактар табылып алынган.
Кармалган жарандар мурда соттолуп, ИИМде УКТнын мүчөлөрү катары катталышкан.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалгандар тергөө абагына киргизилди.
Булак: fakt.kg