Күтүүсүздөн: Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги адамдардын жыныстык таандыгын өзгөртүүсүн жана коррекциялоосун медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү сунушун киргизди. Ведомство токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Документке карата негиздеме-маалымкатта акыркы убакта өлкөдө өзүн трансгендер катары тааныгандардын саны өскөнү, өзгөчө жаштар арасында көбөйүп кеткени белгиленген. Албетте, ушундай шартта, гендердик-аффирмативдик кийлигишүүлөрдөн өтүү үчүн медициналык борборлорго кайрылган бейтаптардын саны көбөйдү.
«Көптөгөн чет элдик жана ата мекендик изилдөөлөр жынысын өзгөртүүнү каалаган адамдардын кесипкөй медициналык жардам алуусундагы кыйынчылыктарды чагылдырат. Бул көпчүлүк учурда олуттуу ден соолук көйгөйлөрүнө, майыптыкка жана ал тургай өлүмгө алып келүүчү дарыгер-эндокринологдун рецептисиз гормоналдык дарыларды ичүү түрүндөгү өз алдынча «өтүүнү» баштоого түрткү болот», — деп айтылат жобонун негиздеме-маалымкатында.
Ошондой эле трансгендерлер гендерин (жынысын) юридикалык жактан таануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылат, ошондуктан алардын өздүгүн тастыктаган документтери жок экени айтылат. Натыйжада алар билим ала албай жана жумушка орношо албай, дискриминацияга, зордук-зомбулукка жана тийиштүү медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүктүн жоктугуна кабылышат.
Трансгендерлердин жыныстык таандыгын өзгөртүүдө жана коррекциялоодо аларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу бул жарандардын укуктарын коргоо, так жана адилеттүү жол-жоболорду белгилөө, ошондой эле квалификациялуу медициналык жардамга жетүүнү жана социалдык интеграцияны камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталганы белгиленет.
«Өлкөбүздө көңүл бурууну жана каржылоону талап кылган башка кыйла артыкчылыктуу көйгөйлөр көп. Мисалы, онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо жана башка орчундуу медициналык учурлар. Трансгендерлерди дарылоо зарылдыгы да чынында эле бардык муктаждарды дарылоо сыяктуу эле маанилүү. Бирок бул максаттарда өз алдынча протоколдорду же борборлорду түзүү суроолорду жаратат. Мындай демилгелер белгилүү бир тышкы факторлордун таасири алдында илгерилетилип жаткандай туюлат. Анткени биз гендердик билим берүүгө олуттуу каражаттар бөлүнөрүн билебиз», — деп түшүндүрдү Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул демилгесин экс-депутат Евгения Строкова.
Строкова белгилегендей, мындай чаралар – ЛГБТны кыйыр үгүттөө сыяктуу, бул учурда иштеп жаткан мыйзамдарга, Конституцияга каршы келет. Аларда нике эркек менен аялдын ортосунда гана болушу мүмкүн деп жазылган.
«Адам укуктарын коргоо маанилүү. Бирок ал биздин мамлекеттик саясатта чагылдырылган туура мыйзамдардын жана салттуу баалуулуктардын чегинен тышкары чыкпашы керек. Салттуу баалуулуктарды колдоо борборлорун түзүү – туура багыттагы кадам. Бирок, эгерде муну менен бирге трансгендерлердин укуктарына басым жасаган демилгелер жайылтылып баштаса, бул карама-каршылыкты туудурат», — деп эсептейт мурдагы эл өкүлү.
Батыштыктар адам укуктарына жамынып алып өз баалуулуктарын жайылтканды жакшы көрүшөт. Көп учурда бул сыйкырдуу түшүндүрүү салттуу баалуулуктарды карманган адамдын түшүнүгүндө эң жапайы укуктук демилгелерди мыйзам чегинде бекемдөөгө шарт түзөт. Кандайдыр бир жол менен трансгендерлерге өзүнчө медициналык кызмат көрсөтүү идеясы — ошонун бири. Келгиле, мунун себебин аныктап көрөлү.
Алгач эле токтолсок, Кыргызстанда трансгендерлер алардын жаңы жынысын тастыктаган документтерди алмаштырууга укуктуу, бирок хирургиялык кийлигишүү шарты менен гана. Жаңы жободо операция жасоону пландабаган трансгендерлер үчүн өзгөчө шарттар каралган. Башкача айтканда, мисалы, бардык экинчи жыныстык мүнөздөмөлөргө ээ болуп туруп жөн гана: «Мен аялмын» деп айтуу менен карама-каршы жыныстын өкүлү болуп калган эркектер жөнүндө сөз болуп жатат.
Биологиялык өзгөчөлүктөрдү эске албастан гендердик иденттүүлүктү таануу, албетте, социалдык коллизияларга алып келери талашсыз. «Прогрессивдүү» Батыш буга толук түрдө кабылды. Эркек адам аял болуу үчүн бир нече сөздү айтуу жетиштүү деген көз караштан улам, абактагы аялдар эркектер тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылып, мектеп окуучулары даараткана жана кийим алмаштыруучу жайларды эркек балдар менен бөлүшүүгө аргасыз болушууда, аялдардын баш калкалоочу жайлары алар үчүн коопсуз жай болбой калды, ал эми аял спортчулар чоңураак жана күчтүү эркектерге утулуп жатышат.
Анан баары баягыдай эле – адам укуктарын камсыз кылуу каалоосунан башталган. Бактысыз трансгендерлер да адамдар жана алар каалагандай жашоого укуктуу деген тезис байма-бай чыгып калды. Буга көпчүлүк макул болду. Натыйжада, Овертон терезесинин капканына түшүп калды. Андан соң кыска убакыттын ичинде эле салттуу баалуулуктардын жактоочулары бозгунга айлана баштады. Бирок ЛГБТ жана трансгендер жамааттарга таандык болуу жогорку ылдамдыктагы социалдык лифттерге өткөрмө болуп калды. Жөн гана карап көрсөңүздөр, учурда АКШда жана Европада жогорку кызматтарды ээлегендер кимдер.
Мына ушул бүтүндөй трансгендер-гей-лесбияндык идеологиялык аралашма батыштыктар көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан көзгө көрүнбөгөн геосаясий согушта саясий курал катары колдонулат. Алардын глобалдык амбициялары бар: алар өздөрүнүн геосаясий каршылаштарын – батыш дүйнөсүнөн тышкары да, ичинде да жок кылгылары келет. Жана бул душмандар – ар дайым глобалдык күн тартибин четке каккан салттуу адамдар. Мына ушундан улам адамдардын табигый саясий иммунитетин жок кылууга багытталган гендердик учурлардын баары келип чыгууда.
Трансгендерлердин күн тартибин илгерилетүүдөгү эң жаман нерсе – бул тема боюнча талкуулар чоңдордун дискуссиясындай көрүнгөнү менен, жапа чеккендер культ деп атаган зыяндуу идеологиянын курмандыктары биринчи кезекте балдар болуп калышат. Анын үстүнө, дээрлик ымыркай кезинен тартып эле, анткени трансгендердик идеологиянын жактоочулары атүгүл үч жаштагы балдар өздөрүнүн гендердик өзгөчөлүгүн аң-сезимдүү сезе алышат деп эсептешет.
Акыр аягында мындай жоболорду кабыл алуу маселеси ар тараптуу талдоону талап кылат. Бул жерде эл аралык тажрыйбаны эске алуу керек жана кеп атактуу батыш өлкөлөрү жөнүндө эмес, калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн мамлекеттер, ошондой эле менталитети окшош союздаш мамлекеттер жөнүндө болуп жатат. Мындан тышкары, албетте, улуттук маданий баалуулуктарга, социалдык артыкчылыктарга жана максатка ылайыктуулугуна таянуу зарыл: Эркек болуп туулган адам өзүн аял катары көрсөтө алган, ал эми мектеп окуучуларына «өз денесинде» төрөлгөн эмес деген түшүнүк таңууланган коомдо жашагыңар келеби? – деген суроого кыргызстандыктардын так жообу болушу керек.
Домой Коом Трансгендердик укуктар же салттуу баалуулуктар: Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы демилгеси коомго кантип...