Домой Коом Даректүү мурас: Кыргызстанда УАМ согуштун баатырлары жөнүндө тасма тартуу сунушталууда

Даректүү мурас: Кыргызстанда УАМ согуштун баатырлары жөнүндө тасма тартуу сунушталууда

25

2025-жылы КМШ өлкөлөрү биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилешет. Ошол эле учурда Кыргызстанда ата-бабаларыбыздын эрдиктери жетишсиз чагылдырылганы тууралуу ойлор айтылууда. Жогорку Кеңеште Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган даректүү тасмалардын жоктугу маселеси көтөрүлдү.
«Дзотко төшүн тоскон Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигин даректүү тастыктоо туура болмок. Мага Воронежден мекендешибиздин эрдигин тарыхта калтыруу максатында тасма тартуу сунушталган кат келди. Бийлик каршы болот деп ойлобойм. Тасманы тартууга каражат бөлүү керек, балким, тасма тартууга россиялык тарап дагы колдоо көрсөтөт», — деп парламенттин жыйынында «Ишеним» фракциясынан депутат Марат Мураталиев билдирди.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Маданият министрлигин бул маселени кыска мөөнөттө чечүүгө чакырып, Коргоо министрлигине эстелик орнотуу үчүн Чолпонбай Түлөбердиевдин сөөгү коюлган жерди изилдөөнү тапшырды.
«Керектүү каражатты бөлөбүз. 9-майга карата биздин улуттук баатырыбызга татыктуу айкел тургузулат», — деп белгиледи ал.
Көрүнүктүү кыргыз кинорежиссеру Замир Эралиев бүгүн Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө тасма тартуу зарыл деп эсептейт.
«Билесизби, советтик мезгилде көркөм кинематографияга байланган даректүү тасма идеологиялык мүнөздө болгон. Мен дагы согушка арналган даректүү тасмаларды тарткам. Мындай алгачкы тасмаларымдын биринде Улуу Жеңиш күнүнө карата үч маек алгам. Идеянын өзөгү чындыгында согушка катышкан, фронтту өз көзү менен көргөн адамдар менен маектешүү болгон», — дейт Эралиев.
Анын айтымында, биринчи маекке Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры, артиллерист Дайыр Асанов тандалган. Экинчисине – эл акыны Сүйүнбай Эралиев, аны жаш акын кайда салгылашканына кызыккан режиссер өзү тандаган. Үчүнчү маекке УАМ согуштун катышуучусу, медициналык кызматтын полковниги Рафа Айдарбекова – азыркы Кыргызстандын негиздөөчүсү катары саналган Иманалы Айдарбековдун кызы чакырылган.

«Андан бери 44 жыл өттү, ошол үч жолугушууну алигиче эстейм. Анткени алар мен үчүн маанилүү болгон. Дайыр Асанов кантип жалгыз согушканын айтып берген. Артиллерист Асанов 4 сааттык салгылашта немистердин 8 танкасын, 6 брондолгон машинасын жана 40ка жакын автоматчыларын жок кылат. Албетте, азыр ал салгылаштын майда-чүйдөсүнө чейин эсимде жок, бирок даана айта алам: ал немис танкаларынын бүтүндөй бир тобу менен жалгыз согушкан. Демейде төрттөн адам болгон, бирок башкалары жок кылынып, ал жалгыз калган. Ал снарядды өзү ташып, өзү октоп, өзү мээлеп, өзү атып, жалгыз эле сегиз танканы кыйраткан», — деп эскерет режиссер.

Бул эрдиги үчүн Асановго Советтер Союзунун Баатыры наамы тапшырылып, өргүү берилген.

«Өргүүдө учурунда Кыргызстанда жүрүп, ал болочоктогу жубайы менен таанышып, жактырып, ага үйлөнгөн. 10-кичи районго жакын паркта анын эстелиги тургузулган. Ар жолу жанынан өтүп бара жатканда, кандай укмуштуудай кыргыз болгон деп ойлоп коем. Бирок бүгүн аны ким эстейт? Ооба, балким, аскерлер гана, ошондо да алардын баары эмес. Бул адилетсиздик деп эсептейм. Экинчи маек акын Сүйүнбай Эралиев менен болгон. Согуш жөнүндө Дайыр Асановдой айтып бербегени менен, ал дагы согушка катышып, колунан жаракат алган. Ок колуна тийип, алаканы сынып, колу өмүр бою бүгүлгөн абалда калган. Ал согуш анын тагдырына жана чыгармачылыгына катуу таасир бергенин, согуштун бүтүшүн кыялданып, башынан өткөргөндөрүн поэзия аркылуу чагылдырганын айтып берген. Ал: «Согуш мени курчутту, жан дүйнөмдү куйкалады, башкача ойлонууга мажбурлады» — деген. Менимче, ал туура айтат. Согуш анын үчүнчү көзүн ачкандай, аны ойготкон. Ал ошол кезде эч ким жаза элек космос тууралуу жазчу. Ал бизге космостук мейкиндиктерди, астронавт Армстронг жана космос кемелерин ачып берип, планеталарды ээн-эркин кыдырып жүрчү», — дейт Эралиев.

Үчүнчү маек Рафа Айдарбекова менен болгон деп эскерет ал.

«Ал мага абдан жаккан – өзгөчө сулуу, энергиялуу жана сүйкүмдүү эле. Орусча мыкты сүйлөчү. Ал Берлинге чейин жеткенин айтып берген. Ал өзүн кандай сыйлашканын, миңдеген жарадар жоокерлерге операция жасаганын айтып берген! Согуш анын аялдык касиетин жок кылган эмес, бул мени абдан таасирлентти. Албетте, ушул адамдардын ар бири жөнүндө сонун тасма тартса болот. Бул ишке ашпай калганына өкүнөм», — деп баса белгиледи Эралиев.

Ал бул темада Кыргызстанда бир нече толук метраждуу тасма бар экенин айтты. Мисалы, сценарийи Госкинонун мурдагы төрагасы Шаршеналы Усубалиевдин согуш жөнүндө эскерүүлөрүнө негизделген «Тайная прогулка» тасмасы.

«Бул айылдаш достордун окуясы: алардын бири — кыргыз, экинчиси — орус. Экөө тең кыргызча жакшы сүйлөшөт. Бул керемет окуя. Башка да сунуштар болгон. Сценарист Базарбай Сагынбеков мага туткунга түшүп калган, Азаттык радиосунда иштеген адам тууралуу тасма тартууну сунуштаган. Бирок ар кыл себептерден улам мен баш тарткам», — дейт режиссер.

Ал бүгүнкү күнү мекенчилдик темасын кинематографияда көтөрүү керектигине ишенет.

«Бүгүн, кайрадан дүйнөдө – Сирияда, Украинада согуш болуп жатканда согуш, сүйүү жана Ата Мекен темасы актуалдуу. Жакында мага мурдагы депутат Самат Ибраев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана Советтер Союзунун Баатыры Токубай Тайгараев жөнүндө сценарий жазып, тасма тартууну сунуштады. Ал Сузактык карапайым кыргыз жигити болчу. Алардын саны 12 эле, баары ар кайсы улуттун өкүлдөрү экен. Булар совет адамдары болгон — алар 1944-жылы Латвиядагы маанилүү пунктту басып алып, коргошкон. Лудза облусунун Рундена шаарына жакын 144,4 бийиктиктен Германиянын бардык алга жылуулары көрүнүп турган. Алардын баары ошол жерде курман болушкан. Ал эми алардын бирөөнөн башкасынын баары Советтер Союзунун Баатыры болушкан. Ким билет, балким, согуш тууралуу бул өтө маанилүү тасма менин тагдырыма да жазылгандыр», — деп жыйынтыктады режиссёр.

Бул режиссер үчүн гана эмес, тарыхты кайра жазып, Экинчи дүйнөлүк согушту бурмалап, фашизмди жеңүүдөгү Советтер Союзунун элинин чечкиндүү ролун кемитүүгө умтулган батышчылдардын күч-аракетине карабастан, Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырлардын элесине таазим кылган Кыргызстан үчүн дагы орчундуу тасма болчудай.

Дал ошондуктан биз биздин келечегибиз үчүн жанын бергендердин элесине таазим кылып, алардын эрдигине жана туруктуулугуна урмат көрсөтүүгө тийишпиз. Кыргызстандан чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун Баатырлары – бул биздин улуу мурасыбыз, биримдиктин жана эзүүгө каршы туруштук берүүнүн майтарылбас рухунун символу.
Бүгүнкү күндө бул эскерүүлөрдү сактап калуу үчүн бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу кажет: даректүү жана көркөм тасмалар, китептер, мультимедиалык долбоорлор, көргөзмөлөр, ошондой эле билим берүү программалары – мунун баары биздин баатырлардын эрдигин жайылтуунун күчтүү куралдары. Алардын өмүрү тууралуу айтып берүү менен, биз тарыхый чындыкты гана сактап калбастан, жаңы муундарды Ата Мекенин сүйүүгө, ынтымакка жана адилеттүүлүккө шыктандырабыз.