Акыркы жылдары Борбор Азия глобалдык геосаясий өзгөрүүлөргө жана террордук коркунучтардын өсүшүнө байлайныштуу жаңы чакырыктарга туш болуп жатат. Бүгүн, эл аралык чыңалуу жана дүйнөлүк трансформация глобалдык күн тартибин уламдан-улам түптөп жаткан кезде, аймактык өз ара аракеттенүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Мындай ойду жакында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ошону менен бирге ал Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуулукту сактоодогу жана мүчө өлкөлөрдү тышкы тобокелдиктерден коргоодогу өзгөчө ролун белгиледи.
Иманкуловдун айтымында, Ооганстандагы кырдаал Борбор Азия үчүн негизги коркунучтардын бири бойдон калууда. Анын пикиринде, маселе талиптердин режиминде деле эмес. “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин ооган жеринин көптөгөн экстремисттик топтордун базасына айланганы аймактык туруктуулукка басым жасоодо.
«Бул уюмдар террордук иш-аракеттер менен гана алектенбестен, активдүү рекрутация менен да жүргүзүп келишет. Азыркы заманда адамдар жок жерден колуна курал алышпайт. Согушкерлер каражат алышат жана бул каражаттар кайдан келери баарына түшүнүктүү. Тренд бар — жеке аскердик компаниялар, ал эми бул террордук уюмдар чындыгында жеке армиялардын бир түрү болуп калды. Алар дүйнөлүк саясий кызыкчылыктарды жылдыруу үчүн колдонулат. Эгерде алар айрым мамлекеттердин каржылык колдоосуна ээ болбосо, бир дагы террордук уюм өз алдынча жашай алмак эмес. Ошондуктан, тигил же бул процесстерге байкоо салганда, бул кимге пайда алып келет деген суроону беришибиз керек. Ошондо алардын артында кимдер турганы, кандай максаттарды көздөп жатканы айкын болот», — деп белгиледи Иманкулов.
Мындан тышкары КК катчысы аймак социалдык-экономикалык чыңалууну арттырган суу жана энергетика ресурстарынын жетишсиздигине тушугуп жатканын баса белгиледи.
«Глобалдык коопсуздук түзүмдөрү натыйжалуулугун жана мыйзамдуулугун жоготууда, бул универсалдуу эл аралык укуктун кризисинде, эл аралык мамилелердеги карама-каршылыктардын курчушунда, аскердик чыр-чатактарда жана санкциялык саясатта чагылдырылууда. Бир державанын монополиялык таасиринен глобалдык түштүк өлкөлөрүнүн чарчоосу да дүйнөнү бир полярдуулуктан көп полярдуулукка өтүүгө түртүп жатат. Муну бир топ мамлекеттер катышкан Казанда өткөн БРИКС саммити көрсөттү».
Ошону менен бирге, спикердин айтымында, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму аймактык коопсуздукту камсыз кылууда негизги ролду ойноону улантууда.
«ЖККУ тышкы коркунучтардан биздин улуттук коопсуздугубуздун кепили болуп саналат, анткени ал бардык милдеттүү жана иштелип чыккан механизмдерди камтыйт», — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстан үчүн ЖККУ коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо олуттуу колдоо көрсөткөн стратегиялык маанилүү союздаш структура болуп саналат.
«ЖККУ маанилүү уюм болуу менен Казакстан жана Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. ЖККУнун уставына ылайык, алар айрыкча Кантта аскердик базанын бар экенин эске алганда, биздин өлкөлөрдүн туруктуулугунун жана коопсуздугунун кепилдиги болуп саналат. Бирок, биздин коопсуздугубузду чыңдоо үчүн түрк мамлекеттеринин аскердик жаатында, Борбор Азияда жана Азербайжанда кызматташуу абдан келечектүү багыт деп эсептейм. Жакында Борбор Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын Каспий деңизинде машыгуулары өттү. ЖККУга мындай кош катышуу жана мындай аскердик кызматташуу бизге көп катмарлуу коргоону жаратат деп ойлойм”, — дейт эксперт Марс Сариев.
Ал түшүндүргөндөй, бул учурда биз түрк мамлекеттеринин аскердик альянсы жөнүндө сөз кылбайбыз, анткени анын ичиндеги Түркия НАТОнун мүчөсү болуп саналат.
ЖККУнун негизги мүчөсү болгон Кыргызстан менен Россиянын аскердик кызматташтыгы ондогон жылдардан бери уланып, коргоо тармагында 40тан ашуун келишим түзүлгөн. Акыркы жылдары Россиянын аскердик жогорку окуу жайларында 2,5 миңден ашык кыргызстандык офицерлер окутулган. Ал эми 2017-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимге кол коюлган, ага ылайык республика заманбап курал-жарактарды: учактарды, тик учактарды, брондолгон машиналарды жана зениттик-ракеталык комплекстерди алат.
Абадан коргонуунун интеграцияланган системасын түзүү жөнүндөгү келишимдин өзгөчө ролу бар. Ал 2022-жылы күчүнө кирген жана анда Кант шаарындагы авиабазага россиялык С-300 жана С-400 комплекстерин жайгаштыруу каралган. Бул объект Кыргызстандын гана эмес, коңшу мамлекеттердин да аба мейкиндигин коргогон ЖККУнун бирдиктүү абадан коргонуу системасынын маанилүү элементи болуп калды.
«Кыргызстан ЖККУ түзүлгөндөн бери анын мүчөсү болуп саналат, Россия ар дайым биздин өлкө үчүн башкы стратегиялык өнөктөш болуп келген жана болуп кала берет. ЖККУ аскердик блок деп аталганы менен тышкы агрессиядан коргоого багытталган уникалдуу концепциясы бар. Анткен менен эң маанилүү аспект — бул уюмдун уставында белгиленгендей, өз ара жардамдашуу жана өз ара аракеттенүү. Анын ичинде маалымат алмашуу, аскердик түзүмдөрдүн биргелешкен машыгуулары, ошондой эле эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө көмөктөшүү. ЖККУнун алкагында кызматташуунун негизги элементи болуп аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздоо саналат. Кыргызстандын аймагында ЖККУнун аскердик авиабазасы орун алган, муну менен катар негизги артыкчылык – Россия Федерациясынын колдоосу болуп саналат, ал ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн аба мейкиндигин камсыз кылууга көмөктөшөт”, — деп белгилейт Кыргызстандын атайын кызматынын ардагери, коомдук ишмер Артур Медетбеков.
Анын айтымында, акыркы жылдары ЖККУга мүчө болуу Кыргызстанга курал-жарактарды, ок-дарыларды, байланыш жана башка аскердик техникаларды сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарга жол ачкан. Тактап айтканда, 2010-2014-жылдары Россия Федерациясы Кыргызстанга ондогон миллион долларлык аскердик техникаларды жана жардамдарды алып келген.
«ЖККУ ички жана тышкы коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулоо жана чечүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн бул уюм туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда зарыл жана пайдалуу болуп саналат. ЖККУга мүчө башка өлкөлөр да ушундай көз карашта деп ишенем. Россия негизги стратегиялык өнөктөш катары бул процессте башкы ролду ойнойт», — дейт эксперт.