71 жаштын ашып ашап аткан Александр Ким аттуу журналист-бизнесмен бар экенин жакшы билебиз. Түбү Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Казалинск шаарынан. Бирок, Бишкек шаарында жашап, иштеп, бизнесин да колунан келишинче гүлдөткөн. Башкача айтканда, Кыргызстандын суусун ичип, Кыргызстанда гана өз жолун таап, байлык жыйноого да жетишкен.
1990-жылдардын орто чендери, 2000-жылдардын баш чендеринде А. Ким “Вечерний Бишкек”, “Моя столица”, “МСН” газеталарынын башкы редактору катары иштеген. Кийинчерээк ““Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКсынын жана ““Рубикон” рекламалык фирмасы” ЖЧКсынын ээси (А. Рябушкинге өткөрүп бергенге чейин) болуп калган. Бул ЖАК менен ЖЧКга кандайча толук ээлик кылып калганы тууралуу ананыраак сөз кылабыз.
buy cafergot. Данияр Үсөновдун досу болсо эле мыйзам буза береби?
2000-жылдардын баш чендеринде Акаевдин бийлиги күйөө баласы А. Тойгонбаев аркылуу “Вечерний Бишкек” Басма үйүнө рейдердик басып алууну жасайт. Мына ошондо Тойгонбаев “Рубикондогу” А. Кимдин үлүшүнөн болгону 1%ды гана тартып алса, А. Рябушкиндин 50% үлүшүн толугу менен басып алган. Ошол учурга чейин А. Рябушкиндин ““Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКсында 24% акциясы, ал эми “Рубикондо” 50% акциясы болгон. Натыйжада мына ушул үлүштөрүнүн бардыгын Рябушкин Акаевдин убагында Тойгонбаевге тарттырып жиберген.
Арадан бир нече жыл өтүп, 2005-жылы март революциясы болуп кетип, Акаевдин бийлиги кулайт. Ошондон кийин А. Ким К. Бакиев менен байланышын пайдаланып, “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКсына ээлик кылуу укугун кайтарып алат. Тактап айтсак, ал Тойгонбаевге 1% гана үлүшүн тарттырып жиберген болсо, Бакиевдердин жардамы менен кайра 1%ынын үстүнө дагы 50%ды кошуп алат. Натыйжада Басма үйүнө 100% ээлик кылып калат. Кыязы, ошол мезгилде ал “Рубикон” менен ““Вечерний Бишкек” Басма үйүндө” А. Кимдей эле үлүшү бар болуп келген, бирок Тойгонбаевге тарттырып жиберген А. Рябушкиндин укугу тууралуу таптакыр ойлонбосо керек.
Мындан сырткары А. Ким 2008-жылы Максим Бакиев менен байланышын пайдаланып, Бишкек шаарынын ошол учурдагы мэри Д. Үсөновдон «Рубикон» рекламалык фирмасы» ЖЧКсынын басмаканасын куруу үчүн №67 мектептин жанынан мыйзамсыз чечим чыгарттырып алат. Бул обьектинин курулушу техникалык жана экологиялык коопсуздук нормаларына каршы келген.
Төлөгөнү башка, жегени көбүрөөк…
“Вечерний Бишкек” Басма үйү” басма продукциясын басып чыгаруу ишмердүүлүгүн жүргүзө тургандыктан, рекламалык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу негизги кирешени «Рубикон» рекламалык фирмасы ЖЧКсы түшүрөт. Буга байланыштуу А. Ким башкы директор болуп турганда “Рубикондун” коммерциялык ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүлгөн. Ток этерин айтканда “Рубикон” рекламалык кызмат көрсөтүүлөрдөн айына 12 млн сом киреше алып турган. Ошол эле убакта жылдык минималдык кирешеси 145 млн сомдон ашыгыраак болгон. Салык текшерүүлөрүнөн алынган актыларга ылайык 2011-жылдан тарта жылдык жыйынды кирешеси 161 млн сомдон ашуун болуп көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары айрым маалыматтарга караганда 2015-жылга чейин “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКсы менен “Рубикон” рекламалык фирмасынын” кызматкерлери 30 миңден 40 миңге чейин айлык акы алып келишкен. Бирок, расмий отчетто ал суммалар 10 миң сомго чейин төмөндөтүлүп көрсөтүлгөн. Анын арты менен Социалдык фондко төлөмдөр да азайган.
Кыргызда жакшы сөз бар: “Ээси келсе бээсин бер” деген. Анын сыңары 2014-2015-жылдары узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин (чарбалык талаш) А. Рябушкин “Рубикондогу” өзүнүн үлүшүн кайтарып алган. Мына ушул чарбалык талашка Александр Ким саясый боек сүртүп, Мамлекет башчысынын айлана-тегерегиндегилерди “рейдерлик басып алууга” айыптап чыкканын унута элекпиз.
Буга байланыштуу А. Ким Кыргызстандын ичиндеги стабилдүүлүктү бузууга ниети бар күчтөрдү колдоп да жүрдү. Мисалы, ал АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Турат Макенбаев (“Психическое здоровье и общество” коомдук бирикмесинин жетекчиси Б. Макенбаеванын бир тууганы) менен туруктуу байланышты колдоду. Ошол эле убакта А. Ким америкалык дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушкандан кийин “Вечерний Бишкек” гезитиин редакциялык саясатын АКШга карата нугун өзгөртүп, мактап-жактоого өткөн. Мына ушундайча жол менен ал өзүнө колдоо көрсөтө тургандарды издеген. Себеби 2015-жылы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан “Рубикон” ЖЧКсынын акцияларынын пакетин мыйзамсыз ажыратуу боюнча №082-05-0021 кылмыш иши иликтенип баштаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын чечими менен “Вечерний Бишкек” Басма үйүнүн” акциялары камакка алынган.
Мындан сырткары, 2015-жылдын 28-декабрында КР өкмөтүнүн алдындагы СО УГСБЭПнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсү капитан А. Жакишев тарабынан А. Кимге жана анын аялы А. Власенкого кылмыш иши козголгон. Тактап айтсак, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Коммерциялык жана башка уюмдарда иштеп туруп кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча.
Мына ушул кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн А. Ким дагы бир бийлик абысыны Ө. Суваналиевдин кеңеши боюнча 2016-жылдын 12-январында шашылыш түрдө Кыргызстандын чегинен сырткары качып кеткен. Ал “Манас” аэропортунан адегенде Москвага учуп, андан ары автоунаа аркылуу Санк-Петербургга кеткен. Бирок, бир жарым айча убакыттан кийин эле кайра кайтып келген. Себеби, А. Ким сыяктуу башкалардын үлүшүн уурдап алып жан баккандарга чет мамлекеттерде деле жакшы шарт түзүлгөн эмес да.
Бүгүнкү күндө эми А. Ким “Рубикон” менен “Вечерний Бишкек” Басма үйүнө кайрадан ээлик кылуу үчүн оппозициячыл күчтөр менен тымызын кызматташып, алтургай алар уюштурган жүрүштөргө чыгууда. Муну менен ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө доо кетирип, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудурууга да даяр экенин далилдеп аткан жокпу?