2014-жылдын октябрында Караколдо баш-аламандык уюштурган бойдон инисинин бөйрөгүн шылтоолоп сыртка безе качкан Садыр Жапаров элди алдаганын токтотпой койду. Ага ишенип агездеги облустун жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алып, тополоң тоз салган жигиттер эркинен ажыратылды, мыйзам чегинде жазасын алышты. Ал эми Садыр Нургожо уул бирде жазында, бирде күзүндө кайтып барам деген бойдон дайынын билдирбей кеткени кеткен. Соңку мезгилдерде гана жанданып бирде Москвада, бирде Кипрде, бирде Минскиде караанын көрсөтө калып, айрым маалымат каражаттары жазгандай, абактагы Өмүрбек Текебаев менен канкор Бакиевдердин жолугушуусун уюштуруп жүргөнү кабарланды. Башкы “ата мекенчи” темир торго түшкөнү активдүүлүгү күчөп, Кыргызстанга 25-мартта кайтып келээрин жар салды. Жар салып гана тим калбастан, Казакстандын Шымкент шаарындагы мигранттар менен жолугушуп, 25-мартта бийликке кантип сес көрсөтүү тактикасын талкуулап атканын ашкерелеген тасма тарады.
Мына ошол тасма коомчулукка тарап кетээр менен кайран Садыр акебиз видео-кайрылуу жасап, адатынча бийликти “поктоп”, өзүн “баатыр” көргөзүүгө далалат жасады. “Ак жол” өткөрмө бекети аркылуу өтүп, анан Горький багындагы аны колдогон митингге барып катышып, акырында УКМКга сурак бергени бараарын баса белгиледи. Минтип “шоу” уюштурбай эле келе бербейби десең. Же чымын-чиркейлүү Минскидеги, тумандуу Албиондогу кожоюндары элдин көңүлүн ушундайча бурдуруп, атайылап провакация уюштуруу тапшырмасын алдыга койгонбу? nolvadex online australia.