buy prednisone for dogs no prescription.
Убагында ханайым Майрам Акаеванын амири менен бизнесин тикелеп, “Жыргалаң” шахтасын итбекер менчиктештирип, канкор Курманбек Бакиевдин заманында ЖоКедеги айтылуу “Бригада” тобунун мүчөсү болгон Садыр Жапаров 2014-жылдын октябрында мекенинен безе качкан бойдон сыртта бозуп жүрөт. Жыл сайын жазында: “Паланчанчы күнү Кыргызстанга барам” деп жарыя салып, элди алдаганы алдаган. Бирок, айрым маалымат каражаттары жазгандай, абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен алгач Москвада жолугуп, андан соң Кипрде “чайлашып”, Бакиевдерге ортомчулук милдетти аткарып атканы кабарланганы өтө активдеше баштады. Нургожо аксакалдын уулунун жакындарынын күбүр-шыбырына кулак түрсөк, учурунда элибизди койго теңеген Максим Бакиев менен канкор Жаныш Бакиев Садыр мырзаны: “Кыргызстанга коркпой бара бер, биз артында турабыз. Сени оппозициянын лидерлигине көтөрөбүз” таризинде кулагын ушалап атканы чынбы? Бакиевдердин бүгүнкү бийликке болгон кетпес кеги бар экени талашсыз, алар азыркы бийлик турганда өлкөсүнө баш бага албашын жакшы түшүнүп турушат. Мындан улам, мамлекетибиздеги кырдаалды туруксуздаштырып, көздөй кишилерин бийлик башына алып келүүдөн бөлөк арга жок эмеспи? Мындай шартта абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен 25-мартта Бишкектин босогосун аттамакчы болгон Садыр Жапаров табылгыс курал болуп атпайбы? 2010-жылдын 7-апрелинде түп көтөрүлө чыккан эл мөндүрдөй жааган окко карабастан Бакиевдерди тактан кулатып, кууп салышканы маалым. Андыктан, Садыр Нургожоевич, Өмүрбек Чиркешович өңдүүлөр Бакиевдердин камчысын чабабыз дешсе терең жаңылышат, качкын, канкор президенттер сымал сыртта тентип, Кыргызстаны көздөн учуп калаары шексиз.