Домой Коом Аскар Акаев эмнелер тууралуу айтып берди?

Аскар Акаев эмнелер тууралуу айтып берди?

42

Жакында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев «Российская газета» гезитине кеңири маек берип, “жоогазын ыңкылабынын” баасы жөнүндө кеп курду. Анын айтымында, революция америкалыктарга — 10 миллион доллардан 50 миллион долларга чейин салыштырмалуу арзан түштү, бирок кыргыз эли үчүн «дээрлик 15 жыл туруксуздуктун жана башаламандыктын, ошондой эле экономикалык солгундоону» алып келген.

Акаев маегинде түшүндүргөндөй, ошол мезгилде россиялык авиабазасын түзүү демилгесинен, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортуна америкалык «Авакс» чалгындоо учагын жайгаштыруудан баш тарткандыктан ал АКШнын Мамлекеттик департаментине жакпай калган.

Мындан кийин, мурдагы президенттин айтымында, АКШ 2003-жылы Грузияда жана 2004-жылы Украинада ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн көпчүлүккө белгилүү сценарий боюнча аракеттенген. “Көз карандысыз” ЖМКларда (оку – батышчыл ЖМКлар) масштабдуу маалыматтык кампания башталат. Ал эми ошол кездеги оппозициячыларга Кошмо штаттары мыйзамдуу бийлик менен күрөшкө өбөлгөлөө үчүн каржылык карт-бланштарды берип турган. Анын үстүнө, Акаев баса белгилегендей, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг оппозицияны «жоогазын революциясына» даярдоонун үстүндө жеке жана ачык алектенген.

Ошондо, 2005-жылы, Кыргызстанда брендге айланган америкалык схема– поэтикалык аталыштагы төңкөрүш ишке ашырылган. “Түстүү ыңкылаптар” – Америка Кошмо Штаттары ондогон жылдар бою ар кайсы өлкөлөрдө жана ар кайсы континенттердеги жагымсыз режимдерди, өкмөттөрдү жана лидерлерди өзгөртүү үчүн колдонгон америкалык технология.

«2005-жылдагы революцияны Америка Кошмо Штаттары иштеп чыккан. Анын үстүнө бул Аскар Акаевдин маегинен улам эле белгилүү боло калган жок. «Түстүү ыңкылаптар» деген темада тартылган француз тасмасы бар, анда схемалардын бардыгы, алар кандай иштээри сүрөттөлөт. Демек, Акаевдин 2005-жылдагы революция америкалыктардын колунан келди деп айтканы туура. Дагы бир нерсе, Кыргызстандагы бардык ыңкылаптардын жана туруксуздуктун артында америкалыктар турат деп айтууга болбойт, ар кайсы жылдарда мындай окуяларга аралашкан башка мамлекеттер да бар”, — дейт саясат таануучу Марс Сариев.

“Түстүү ыңкылаптардын” технологиясы үзгүлтүксүз өркүндөп жатканын белгилеп кетүү керек. Алсак, мисалы, интернеттин өнүгүшү менен каршы чыккан массасынын калыптанышы, кийин легитимдүү бийликти кулатуу үчүн коомдук-саясий чыңалуунун күчөшү ого бетер жеңилдеди – азыр бул үчүн мессенджерлер жана социалдык тармактар колдонулат.

Айтмакчы, “түстүү ыңкылаптарды” уюштуруу менен түздөн-түз Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ) алектенет. Өткөн жылы Кытайдын Вируска каршы күрөшүү боюнча улуттук борбору жана “360” компаниясы өз баяндамасында жаңы компьютердик технологиялардын жардамы менен БЧБ 2014-жылы Украинада “түстүү революцияны”, Тайвандагы “күн карама революциясын” жана 2007-жылы Мьянмадагы “шафран революциясын” пландап, уюштурганын кабарлады. Баяндамада келтирилген статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы бир нече он жылдыкта Борбордук чалгындоо башкармалыгы жок дегенде 50 чет элдик мыйзамдуу өкмөттөрдү кулаткан же кулатууга аракет кылган.

Баса, америкалыктар узак убакыт бою биздин өлкөдө өздөрүн кыйла ыңгайлуу сезип келишкен. Бир канча он миңдеген бейөкмөт уюмдардан турган жыш тармак жана медиа мейкиндигинин олуттуу бөлүгүн көзөмөлдөө аларга республикада Америкага ыктаган – атүгүл Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгына да зыяндуу саясатты ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын маалыматтык күн тартибин көзөмөлдөө Батышка республикадагы неолибералдык баалуулуктарды чагылдырган ар кандай бузукулуктарды мыйзамдаштырууга, ошондой эле коомдук пикирди манипуляциялоого, анын ичинде саясий кырдаалды туруксуздаштырууга талыкпас аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет.

Бирок, акыркы бир нече жылда кырдаал бир аз өзгөрдү. Кеп өз чечимдеринде прагматизмди жана улуттук кызыкчылыкты жетекчиликке алган президент Садыр Жапаровдун кыргызчыл позициясында болуп жатат.

Ал экономиканы чыңдоо, анын ичинде Россия менен өз ара кызматташууну жана алакаларды арттыруу багытында бек бара жатат.