Домой Саясат Текебаевге “сүйүүсүн арнаган” саясий ишмерлердин көздөгөнү эмне?

Текебаевге “сүйүүсүн арнаган” саясий ишмерлердин көздөгөнү эмне?

112

1033688205

Ар ким колу менен  кылганды  моюну менен тартыш керек. Анткени  мыйзамда  “сен мурда депутат болгонсуң  мыйзам  жазгансың, эми  кылмыш кылсаң дагы сага  көптөгөн жеңилдиктер болот” — деп  эч жерде  жазылган эмес.  Андыктан “ Ата-Мекен” партиясынын  лидер  Өмүрбек Текебаев  да  өзүнүн  кылган кылмыштуу иш аракеттеринин  аркасында  соттун чечими менен түрмөдө отурат.  Ал эми соттун чечимин ак же көк  дешке, эч кимдин акысы жок экени да жалпыга маалым.

Кийинки убактарда Текебаевдин  ден-соолугун   шылтоолоп аны  ооруканага  чыгаруу аракети  күчөдү.  Чындап эле  катуу ооруп жаткан болсо, анда сөзсүз аны дарылаш керек. Бирок,  Текебаевдин  ден-соолугун текшерген  №47  абакты дарыгерлери  анын өмүрүнө коркунуч келтире турган    дарттын жок экендигин аныктап чыгышкан.   Бүгүн кайрадан  Текебаевди түрмөдөн тыш  дарылоо “кызыкчылыгын” билдирип  Президентке,  Жогорку Кеңештин төрагасына жана  фракция жетекчилерине,  экс-Премьер-Министрлер  Темир Сариев,  Феликс Кулов,  Улуттук илимдер академиясынын  экс  президенти Абдыганы Эркебаев, филолог  Жолборс Жоробеков,  экс  мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана  Аскар Айтматов кайрылуу жасады.   Алар  негизинен Текебаевдин түрмөдөн  тыш  дарылануусун камсыз кылууну  талап кылышкан.   Терең ойлонуп көргөн  адамга  дал  ушул жерде “ итин өлүгү көмүлгөндөй”  шек жаратат.  Демек Текебаевди    оорукана  шылтоосу менен  түрмөдөн чыгарып андан соң качыруу амалдары көрүлүп жаткандай.  Болбосо, эмне үчүн  саясий ишмерлер анын №47  абактын ичинде эле дарылануусуна  каршы болуп жатышат? Артка кылчайып кайрай турган болсок, ушундай эле  “ акылдуу ыкма” менен  убагында  канкор Бакиевдердин  бир тууганы Акмат  Бакиев  ооруканага чыгуу    шылтоосу менен  өлкөдөн качып “жылт койгон”. Андыктан,    “жыгач  генералдын”,  “Наполеончиктин”,   окумуштуу сөөрөйлөрдүн  жана  Акаевичтин  “ Осмон-Опузасынын”  кайрылуусуна   анчалык деле  маани берүүнүн кереги жок. Тескерисинче, эмне үчүн  бул эргулдар  Текебаевдин ооруканага    чыгуусуна кызыкдар болуп жатканы боюнча   кызыгып коюуу  ашыкча болбос эле.