КСДПнын съезди жана Алмазбек Атамбаевдин басма сөз жыйынынан кийин, делегаттардын көпчүлүгү лидердин кайрылуусундагы билдирүүлөрү менен макул экендиктерин билдиришти. Өзгөчө үй-бүлөлүк- кландык башкаруунун кайрадан жанданышына жол жок экенин жана Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруу зарылдыгын делегаттар колдошту. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгы билдирди. Төмөндө партия мүчөлөрүнүн ой-пикирлери келтирилген.
Талгат Кудайбергенов: С. Жээнбековдун элдик президент болуусуна, анын иниси Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруудан баш тартуусу кедергисин тийгизүүдө“ Сооронбай Жээнбеков элдик президент болууга тийиш. Бирок буга анын иниси Асылбек тоскоолдуктарды кылышы мүмкүн”- деген пикирин апрель революциясынын баатыры Талгат Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымына караганда, Асылбек Жээнбековго болгон Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу талабы — бул 17- мартта өткөн курултайдагы элдин талабы. “ Биз билебиз, Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейбиз деген Акаев, Бакиевдер эмне кылганын. Бирок алар буга жол беришкен. Асылбек Жээнбеков да үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол берилбейт деп жатат. Бирок ал эч кимге иш жүзүндө кандай болот экендиги тууралуу кепилдик бере албайт. Биз мунун баарынан өткөнбүз” – деди Талгат Кудайбергенов. Апрель революциясынын баатыры, экс президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка КСДПнын лидери катары кайтып келүүсүн колдоорун да билгизди. “ Эл анын мамлекет башчысы катары аткарган иштерине ыраазы. Андыктан эгер ал дагы да мекен үчүн жакшы итерди кылууга даяр болсо, анда биз аны дайым колдойбуз”- деп оз оюн ортого салды.
Амантур Жамгырчиев: Депутаттык мандаттан баш тартуу, Асылбек Жээнбеков үчүн трагедия болбошу керек.
Депутаттык мандаттан баш тартуу, Асылбек Жээнбеков үчүн трагедия болбошу керек. Мындай пикирин “ Айкөл-Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрага орун басары Амантур Жамгырчиев билдирди. Анын айтымына караганда, 2010-жылдан бери коомдук бирикме курултай өткөрүп Аксы окуясында жана 2010-жылдагы апрель революциясына курман болгондорду эскерип келишет. “ Эсиңиздерде болсо, 2010-жылы оппозициянын кыймыл дал ушул форумдун имаратынан башталып 17- мартта курултай өткөн. Биз ар дайым курултай өткөрүү аркылуу көзү өткөндөрү эскерип келебиз. Ошондой эле бул курултай бийлик ээлерине, үй-бүлөлүк –кландык башкаруунун айынан болгон кандуу окуялар кайталанбаш керек экендигин эскертип турат” – деди Амантур Жамгырчиев. “ Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары курултайда президент бир гана иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештеги мандатын тапшырганда эркин боло турганы жөнүндө пикирлер айтылганын кошумчалады. “ Биз үй-бүлөлүк – кландык башкарууну кайрадан алып келүүгө жол бербейбиз. Жана бул пикирди Асылбек Жээнбеков айткандай Мээрбек Мискенбаев гана эмес, баардык курултайдын катышуучулары карманышат” – деди ал. Ошентсе да апрель баатыры Асылбек Жээнбековдун мандатын эч ким тартып албайт экенин билгизди. “ Ооба, ал бул менин конституциялык укугум”- деп туура айтып жатат. Мыйзам боюнча анын мандатын талап кылууга жол берилбейт. Бирок, биз парламенттик демократияны тандап алгандыктан президенттин инисинин депутаттык мандаттан баш тартуусу, колдоого алаарлык жагымдуу көрүнүш болот” – деди Амантур Жамгырчиев. Ошондой эле ал “ “ Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Сооронбай Жээнбековду колдоп келген, колдой берет” – деп кошумчалады. “ Шайлоо алдындагы жарышта, 7- апрелде каза болгондордун жакындары да, “ Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да жер жерлерде элдик курултайларды уюштурушуп Сооронбай Жээнбековду колдошкон. Биз бүгүн да аны колдойбуз. Анткени ал КСДП партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Белгилей кетчү жагдай, 7- апрелден кийин экс президент Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдоо менен, биз өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жана тынчтыгына салым коштук” – деп белгиледи Амантур Жамгырчиев.
Ал депутаттык мандаттан баш тартуу трагедия эмес экенин белгиледи. “ Коалициялык көпчүлүк отставкага кетет, Өкмөт отставкага кетет бул эч кандай трагедия эмес. Ошондой эле Асылбек үчүн да депутат болбой калуу трагедия болбошу керек. Биздин оюбузча президент деле бул пикирди колдошу керек. Биз үй-бүлөлүк – кландык башкаруудан алыс болушубуз керек” – деди апрель революциясынын баатыры. Анын пикиринде, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты болбой туруп деле өлкөгө пайда келтирип мамлекеттин жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштесе болот. “ Ошондо гана президентке жана бийликке элдин ишеничи артат” -деп өз оюн жыйынтыктады.
Эркин Камчыбеков: Үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол берилбеши керек. Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек.
Үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол берилбеши керек. Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек. Бул тууралуу бүгүн Талас шаары боюнча КСДПнын жооптуу катчысы Эркин Камчыбеков билдирди.
“ Кыргызстанда ар кандай жоромолдорго карабастан бийлик тынч алмашты. А. Атамбаев колунда бийлиги турган соң, Конституцияны каалагандай өзгөртүп мөөнөтүн узартуу менен биге ыйгарым укуктарын кеңейтип алса болмок. Бирок, ал мындай кадамга барган жок. Ал тынчтык жолу менен мыйзамдуу түрдө бийликти кийинки президентке өткөрүп берүү жолун тандады. Эң негизгиси ал өзүнүн президенттик жылдарында мамлекетти башкарууга өзүн үй-бүлөсүн такыр аралаштырган жок. Мамлекет башчысынын үй-бүлөсү мамлекетти башкарууга аралашканда кандай болорун биз баарыбыз жакшы билебиз. Өлкөнүн саясатына Асылбек Жээнбековдун кошкон салымы зор. Бирок, өлкө кандай кыйын кырдаалдарды башынан кечиргенин эске алып мандатынан баш тартса, туура чечим чыгарган болот.” – деп эсептейт.
Эркин Камчыбековдун айтымына караганда, мамлекет башчысынын жакындарын өзүнүн жумушуна аралаштыруу ниети жок. “ бирок адам фактору жана башка деген маселелер бар. Кандай болгон кундо да мандатын тапшыруу эң туура чечим болорун” түшүндүрдү.
Жумагуль Мендешова. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырса, элди бийликке болгон ишеними артат.
Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырса, элди бийликке болгон ишеними артат. Мындай пикирин Аламүдүн районунун аялдар комитетинин лидери КСДПнын Аламүдүн району боюнча координатору билдирди.
Анын айтымында , экс президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайтып келиши – бул жакшы көрүнүш. “ Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын негиздөөчүсү экени жалпыбызга белгилүү. Ал президенттик кызматына киришкенде, партия төрагасы катары ыйгарым укуктарын убактылу токтоткон. Президенттик мөөнтү бүткөндөн кийин, ал кайра бирикменин башчысы катары ыйгарым укуктарын калыбына келтирди. Бир гана Алмазбек Атамбаев партияны жаңылап, анын катарын тазалап КСДПнын кадыр баркын жогорулата алат.” – деп эсептейт Аламүдүн районунун аялдар комитетинин башчысы. viagra online canada overnight.
Ошондой эле, Жумагуль Мендешева президенттин иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керек экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары аттанып чыккан мезгилде эле, Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырат деген макулдашуу болгон.
“ 2005-жылы да 2010- жылы да эл үй-бүлөлүк –кландык башкарууга каршы күрөшүп, жыйынтыгында Акаев менен Бакиев үй-бүлөлөрү менен качып кеүүгө мажбур болушкан. Эгерде Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырса, бул бир гана Сооронбай Жээнбековдун кадыр баркына жакшы жагынан таасир берүү менен чектелбестен Кыргызстандын жалпы эли үчүн жакшы болот. Анткени элдерде президенттин үй-бүлөсүн бийликке аралашпайт деген ишеним пайда болот. Ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними дагы да күч алат” деп эсептейт.