Домой Саясат Трайбализм менен «ооруган» аксакалдар кимдин тапшырмасын аткарды?

Трайбализм менен «ооруган» аксакалдар кимдин тапшырмасын аткарды?

106

discount viagra lowest prices. 1410071.1.1507883550

Негизи  бийлик деген абадан эле ширин  азгырыктуу  болот окшойт го.  Болбосо,   Жээнбековдордун  кланы  жетпеген  бир дагы бийлик калган деле жок өзу.  Бирок, тилекке каршы депутат Асылбек Жээнбеков  президент  акасынын  ишине   кийлигишип жатканы калк арасында байма –бай айтылып  а тугул « иниси башкарып калды, өзүнүн  акылы жетпейт экен» –деген уу – дуу кептер журүүдө.

« Калк айтса, калп айтпайт» -демекчи СДПКнын съездине барган эки  «дужур аксакал»  бул имиштердин чын экенин  кашкайта далилдеп берди.   Аксакалдардын бири   Жээнбековдордун кланынын  «тандемдештери» айтылуу  Матраимовдордун жердеши  Кушпак Тезекбаев.   Убагында Бакиевдердин ишеничине кирип Жала-Абад  облусуна  губернатордун орун басары болуп дайындалган.  Жыл айланбай  «кетиртегин тыя албай»  мамлекеттик мүлктү «сугунуп» койгону үчүн    турмөгө кесилген.  Экинчиси  Туратбек  Оморов  Кара-Кулжадан. Башкача айтканда Жээнбековдордун жердеши болот.  Бул эки аксакалдын   « кылдан кыйкым издеп»  съезди үзгүлтүүкө  учуратуу  аракетинен майнап чыккан жок.

Бирок эки нерсенин бетин ачып койду. Биринчиси  Асылбек Жээнбековдун  президенттин ишине кийлигишип жатканын. Экинчиси,    жаны бийлик өз кызыкчылыгы үчүн баардык  шермендечиликке, чагымчылдыкка даяр экенин.  Ал эми карапайым калк болсо,  жердешчилик « ооруу» менен  « ооруган»  бийлик ээлеринен  « көңүлү журт көчкөндөй» калганы турган иш деңизчи. Минтип отурса, Асылбек тез эле Жаныш Бакиевден да ашып тушот го?