Домой Саясат Ташиев чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегециянын жетекчиси болду

Ташиев чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегециянын жетекчиси болду

61

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жетекчиси болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ташиев кечээ, 19-ноябрда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.