Бүгүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевди салтанаттуу узатышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты
Турганбаев 2019-жылдын февраль айында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ушул жылдын август айында 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катыша турганына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган болчу. Октябрдагы окуялардан кийин анын ордуна Аскат Эгембердиев келген.
Иш-чарага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жана анын орун басарлары, ЖАМКтын ардагерлер кеңешинин төрагасы, ЖАМКтын мекемелеринин жетекчилери жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Мелис Турганбаевге «Ардагер» жана «Кадыр» медалдары тапшырылып, башка белектер да ыйгарылды.