Домой Саясат БШК 12 талапкердин документтерин артка кайтарды. Мотуев, Асанов… (толук тизме…)

БШК 12 талапкердин документтерин артка кайтарды. Мотуев, Асанов… (толук тизме…)

78

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-ноябрдагы жыйынында президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 12 адамга документтерин кайра кайтарып берүүнү чечти.

БШКнын жумушчу тобунун маалыматына караганда, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуевдин соттуулугу жоюла элек болчу.

Андан тышкары Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Юлия Лилиенталь, Елена Клипачева, Жээнбек Искендеров, Куттумидин Базаркулов, Чыңгыз Капаров, Тынчтык Акжолтоев жана Султан Ажиматов «Кыргызтесттен» бериле турган кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча сертификатты көрсөтүшкөн эмес.

Ошондуктан аталган талапкерлерге документтерин кайтарып берүү чечими кабыл алынды. Бул чечимге БШКнын 8 мүчөсү макул болсо, бирөө каршы добуш берди.