Домой Коом Спикер Дастанбек Жумабеков менен Ибраим Нуракун уулунун айтышы

Спикер Дастанбек Жумабеков менен Ибраим Нуракун уулунун айтышы

736

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда стационарда дарыланып жаткан Нуракун уулу өзүнүн интернет баракчасына төмөнкүдөй тамашалуу пост жазды:

Жогорку Кеңештин Төрагасы менен маегибиз примерно мындай болду:

— Ассаломуалейкум, Төрага акем аманбы! Бир-бирден жукса утуш деп, мына жугуп калды мага даа. Командам менен карантин, жатамын өзүм Токмокто. Эми эмне кыласыз? Пресса жок, жыйын жок. Кантип элге чыгасыыз?

— Валейки салам, кеңешчим. Келип атат кеңешким. Кабыл алчу мыйзам көп. Аз калды чыдап бериңиз. Эки киши чыккыла. Кур дегенде, дагы эки апта түз эфирди кылгыла. Элдин ишин жактайлы, эл камы деп келген соң, үмүтүн эми актайлы…

— Төрагам менден ачуу кеп, дээрлик беш жыл иштеп бердиңер. Сөздүн гүлүн тердиңер. Аңыз-аңыз кеп уктук. Бир депутат ансыз да, ооруп жатат деп уктук. Убакыттан уттурбай, жыйындарды токтотуп, иштеген врач-доктурга акчаларын бериңиз котортуп.

— Пресс-служба «паша» деп жүрсөм, ушинтип кээде Би-Би-Си болуп кетесиз. Билбеген ишке кол салып, ашыкча антип нетесиз. Доктурларга акысын көзөмөлдөп беребиз. Парламент деген эл бийлиги, эл өкүлү катары, көп эле маанай түшүрбөй, алдыга карай басалыы.

— Туура кеп айтың Төрагам. Доктурга акча бөлгөндө, бу мен жаткан Токмокту дагы унутпаң. Көзөмөл кылып бериңиз, эски болсо да жакшы экен, ичи сыртын сырдатып, чатырын жабып коюңуз.

— Ниеттерди түздөсөк, ишибиз оңой оңолот. Ынтымак менен жеңебиз. Каронавирус кеп бекен, бу кыргыз кылымдар жашап келебиз. Кейибей жата туруңуз. Биздин сөздү угуңуз эээййй.

P.S. Медиага: Бул жагы расмий маалымат. Бир депутаттан каронавирус аныкталды. Башка эл өкүлдөрүн да ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталды. Келерки аптада эгер көпчүлүк депутаттын анализи жакшы чыкса, Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт. Бирок, сырттан адистер, пресса киргизилбейт. Басма сөз кызматтын эки кызматкери шаршемби жана бейшемби күндөрдөгү жыйындарды «Пирамида» телеканалынан жана kenesh.kg сайтынан түз эфирге чыгарат. Комитет, фракциялардын жыйындарын, тилекке каршы, чагылдыра албайбыз. Ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз. Рахмат!