Домой Коом Мэр Суракматовдон да коронавирус аныкталды

Мэр Суракматовдон да коронавирус аныкталды

126

“Мэр үч күндөн бери дене табы көтөрүлүп, үйдөн иштеп жаткан. Кечээ лабораториялык ПЧР-анализинин жыйынтыгында ал коронавирус жугузуп алганы аныкталыптыр. Абалы жакшы, азыр эле сүйлөштүм. Азырынча үйүнөн эле дарыланып жатат”.

Түлөбаевдин маалыматына караганда, мэриянын бардык кызматкерлери анализ тапшырган, баарынын жыйынтыгы таза чыккан. Ушу тапта кызматкерлердин баары үйүнөн иштеп жатат. Жарандарды кабыл алуу убактылуу токтотулган. Мэриянын имараты 19-июнда кечинде толук дезинфекция болгон.