Домой Коом Кимсановдун сабалганы боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат

Кимсановдун сабалганы боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат

310

16-июнда айрым маалымат каражаттарында тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу маалымат видеотасма менен кошо жарыяланган. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура тарабынан бул маалыматты иликтөө ЖАМКга тапшырылган.

17-июнда Эмилбек Кимсанов 4-апрелге караган түнү саат 03:00 — 04:00 аралыгында аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганы тууралуу арыз жазып берген. Ал арызы ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 321-беренеси (“Бийлигинен аша чабуу”) боюнча иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кароосуна өткөрүлүп берилди. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгынын кароосунда.

Прокуратуранын маалыматында «Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу Интернетте жарыяланган маалыматтарга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада, Эмилбек Кимсанов адвокат Г. Убалиева тарабынан Интернетте жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбесин жазуу түрүндө билдиргени кабарланган» деп жазылган.

Мурдагы бажы кызматкери, учурда №1 тергөө абагында кармалып турган Эмилбек Кимсановдун бир нече жолу ур-токмокко алынганын анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева маалымдаган. Акыркы жолу адвокат “Кимсановду белгисиз бирөөлөр сабап жатканы тартылган” деген видеону социалдык тармакка жарыялаган. Бул иш боюнча Жаза аткаруу кызматы иликтөө жүргүзүп, тасма фейк болушу ыктымал деп билдирген.

Азыр №50 абакта отурган Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген. Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан.