Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, дагы бири Ош облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 301 кишиге жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 295 адамдан табылды.
Бишкек шаары – 68;
Ош шаары – 10;
Чүй облусу – 87;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 56;
Жалал-Абад облусу – 34;
Баткен облусу – 15.
Оору жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти.
Бир күндө 473 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 873 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 426 адам жатат. Алардын ичинен 35 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 1687 кишиники орто оор, 598 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 106 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 256 киши үйдөн дарыланууда.