Чиновниктердин кирешеси жана чыгымдары боюнча декларациялар кийинки жылы гана жарыяланат. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, бул жылы карантинге байланыштуу, 2019-жылга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын апрель айына чейин узартылды.
Ошондо жарандар 2019-2020-жылдарга дароо эки декларация тапшырышы керек болот. Бул эреже бардык физикалык жактарга тиешелүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да бар.