Домой Коом Евробиримдик дүйнөдөгү укук бузгандарга «Магнитский» санкциясын киргизет

Евробиримдик дүйнөдөгү укук бузгандарга «Магнитский» санкциясын киргизет

106

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бул 27 мүчө өлкөнүн ынтымагынын атынан бүт жер жүзүндө адам укуктарын бузгандарга каршы чектөө киргизген системаны түзүүгө биротоло макулдук беришти.

7-декабрда Брюсселде аяктаган сүйлөшүүлөрдүн наатыйжасында тышкы иштер министрлери санкциялык тартип тууралуу макулдашууга кол коюшту. Анда адам укуктарын коргоо Евробиримдиктин тышкы саясатынын өзөгү маңызын жана артыкчылыгын түзүп тураары тастыкталат.

Бул кадам Евробиримдикке бүткүл дүйнөдө, окуя кайсы жерде болгонуна карабастан, ар кандай адам укуктарын одоно бузууларга жол койгон кишилерди, уюмдарды жана мекемелерди, анын ичинде мамлекеттик мекемелер менен өкмөттүк эмес түзүлүштөрдү бутага алууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Евробиримдиктин билдирүүсүндө баса белгиленген.

Тийешелүү жазага кабылган тараптардын банк эсептерин тоңдуруу, аларга виза бербөө сыяктуу чаралар камтылган бул жаңы механизм 10-декабрда – Адам укуктарын коргоо күнү расмий түрдө киргизилээри күтүлүүдө. Айрым ысымдар «кара тизмеге» 2021-жылдын башынан тартып киргизилиши ыктымалдыгын Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнүн бири «Эркин Европа/Азаттык үналгысына» маалымдады.

Мындагы «Магнитский» аталышы орусиялык аудитор Сергей Леонидович Магнитскийдин (1972, Одесса — 2009, Москва) ысымы менен байланыштуу. Ал Орусияда ири көлөмдө бюджеттик акча каражатын уурдоо ыкмасын ашкерелеген. Ал салык төлөөдөн качкан деген кине менен камакка алынып, 11 айдан ашуун тергөө абагында жаткан жана 2009-жылы 16-ноябрда Москвадагы «Матросская тишина» тергөө абагынын ооруканасында шектүү кырдаалда көз жумган.

Маркум Магнитскийдин ысымы ар кандай авторитардык өлкөдө тайманбай күрөшкө чыккан укук коргоочулардын символуна айланган.

булак: azattyk.org