Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардан тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктап жатат. Ал эми бүгүн, 24-августка алынган маалыматка ылайык, дагы 3 партия күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Таза коом», «Бүткүл жаштар саясий партиясы» жана «Адам-Демократ» партиялары шайлоого катышпайт.
Буга чейин жарышка аттанган 11, тактап айтканда, «Ак калпак», «Улуу журт», «Ар-Намыс», «КУТ», «Бийлик элге» , «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Бирик», «Эл биримдиги», «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы», «Эмгек», «Демократ» партиялары жарыштан баш тарткан.
БШКнын маалыматы боюнча, жалпы 23 партия парламенттик шайлоого катышпай турган болду.