Домой Коом Анжелика: Врачтарга үй берем дегендер калп айтыптыр

Анжелика: Врачтарга үй берем дегендер калп айтыптыр

138

Ырчы Анжелика пандемия учурунда курулуш компанияларынын бири өкмөткө батир бердик, сатып акчасына дары-дармек алышат деп бизге жарнама кылдырышкан. Сураштырса өкмөткө да, Саламаттык сактоо министирлигине берген эмес болуп чыкканын айтты. Бул тууралуу Анжеликанын соц тармактагы өздүк баракчасына берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.

«Уялбагандан-өзүн уял! Бизге бир курулуш компания батир бердик деп жарыя салдырган. Сатып, даары-дармек алгыла деп. Анан оюнан кайтып бербей коюшту. Жүз күн, 24 саат тик туруп элди жана доктурлардын сакайып кетишине салымын кошкон бир жаш реаниматолог бар. Кайсы бир компания же инсан ушул доктурга батир берсе, мен келишим түзүп бекер жарнамалап, иштөөгө даярмын», -деди ырчы.

Булак: barometr.kg