Өкмөт башчынын Отунбаевага жиберген куттуктоо катында, экс-президенттин көп кырдуу мамлекеттик ишмер катыры бардык кызматтык тепкичтерди басып өткөндүгү жазылган.
“Сиз Азия элдеринин арасынан бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи мамлекет башчы жана Борбор Азиядан чыккан алгачкы ПРЕЗИДЕНТ АЙЫМ катары дүйнөлүк тарыхта атыңыз калды. Сиз соңку Кыргызстандын тарыхый инсандарынын катарында биринчи сапта турасыз. Сиздин Намысыңыз Бириккен Улуттар Уюму, ОДКБ, ОБСЭ, ЕАЭБ ж.б ушул сыяктуу уюмдарда чыныгы “АЯЛ ЛИДЕР” деген жогорку урмат сый айтылат”, — деп жазылат куттуктоо катта.
Премьер-министр Кубатбек Боронов ошондой эле Роза Отунбаеванын ар убак коомдук иштерге активдүү катышып, агартуу тармагына жана өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келгендигин белгилеп өткөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан мурдагы президенти Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Фрунзе шаарында туулган.