(Кыргыз эл акыны, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык мааракесине карата)
Адамды адам өңдөнткөн, кимдир бирөөлөрдөн ат чабым аша өйдө кылган, кайсыл бирин элден кийин, иттен мурун тургузган, айтылышы катаал, кээде татаал, угулушу оор, оорду кетип так калган, кеги унутулуп, нарк калган, жугуму сабак, санжыргасы санат болгону да тагдыр жазмышы же тагдырдын өзү эмеспи. Тагдыр түкшөмөлүн балким, бир жеринде кемитип, ал тургай кейитип да айтаттырбыз. Асили, ашыра айтчулар чанда табылаар. Ошентсе дагы тагдыр чындыгы бирөө эле, андан эч ким качып кутулган эмес, кутула да албайт. Биз эмнегедир, өзүбүздүн маңдайыбызга чиймеленген, чиеленген тагдырдын коносун же даегин эле кечке кеп кылып, ошонусуна эле көңүл буруп, ал эми тагдырдын жеткен марасын, жеткен муратын экинчи орунга чыгарып, кайырын чайыр кылмай өнөкөтүбүз бар экендигин да кошо кетели. Көрсө, «баатырды учур жаратат» дегендей, туу көтөрөөр алтанды, жол көрсөтөөр көсөмдү, түйүн чечээр чеченди, эл коргоор эрди тагдырдын өзү тандайт турбайбы.
Акындарыбыз айтмакчы, «жүрөктөн чыккан ыр гана жүрөккө жетет» дешкениндей, көр турмуштун даамын, жок менен бардын азабын, куса менен сагынычтын керин таткан, сезген адам гана аны ийине жеткире сүрөттөп жеткире алат. Туура, күчтүү сүрөткерлер тагдыр боёгун ашыра жазып жибериштери мүмкүн. Бирок жасалмалуулук баары бир билинет, билинбесе сезилип турат. «Көпчүлүккө көө сүртпө» деген сыңары баарын айткандан алыспыз, ошентсе да, тагдыры зымга тарткандай шыр кеткен, баркели менен иши болбогон, кем-карчты билбей өскөндөр «өзү нерсе кылып жыргатпаган атасынын кылганын айтып мактанат», «жакшы атанын кадыры, жаман уулуна жетимиш беш жыл азык болуптур» болуп, баскан жолдору бар сыяктуу болгону менен, издери калбай, чыныгы агындыларга мына ошолор айланганын билсе кана, атаганат. Айтор, агайларыбыз айтышкандай, агыны катуу сууларда эмнелер гана акпайт. Бирок алар дагы өзүнүн салмагына, көлөмүнө жараша алтын алтыны менен, күмүш күмүшү менен, таш ташы менен, ал эми тезек тезеги менен кошо агып, ар кимиси өз даражаларына жараша түрдүү жерлерге топтолушат. Муну ким тана алат… Агындынын дагы мааниси ушунда эмеспи. Демек, турмушта адамдар да тең теңи менен, көңүлү сүйгөнү менен жүргөндүктөн, жакшылары бир бөлөк, бакшылары бир бөлөк жүрүшөөрү да чындык.
Мына ушундай ойлордон кийин, Шайлообек агайдын тагдыры татаал эмес, тетирисинче, тагдырдын өзү ага киришип, турмуштун ысык-суугуна күйдүрүп, даамын таттырып, топон-саманына тоздуруп, мээнетине бышырып, түмөн түрдүү түйшүгүнө тарбиялаган турбайбы. Агайдын азыркы ийгилигин көргөндөр, жакындан таанып билгендер, эми анын тагдырына таңдайларын шак эткизе, тамшанышпай коюшпагандыр. Ошентип, мээнет дайыма эле чырмай бербейт. Арийне, тагдыр дагы кымыран көрөңгөлүү, айтаарына дээри, көкүрөк-көөдөнүндө деми барларды гана тандайт. Башка түшкөн тагдырын көтөрө албай мүңкүрөп же мөңкүп кеткендерди тандап алганда, алардан кандай пайда, кайсы жыйынтык болоор эле? Таң… Аларың керелден-кечке тагдырын каргап, күчүнүн баарын шымынан чыгарып жатышса анан, көпкө житкен агындылардын бири дебей, ким дейбиз. Ал эми Шайлообек агай тагдырдын тондуу эмес, өзүнүн баласы экенин, алдында эмес артында келе жаткандары да аргасыз моюндашат. «Сөз ээсин табаар», ээсин таппаса, баарыбызга узун сабак болор беле…
Дегеле, адам баласы өзү турган жердин баркын билбей туруп, бийик тоонун кадырын кайдан түшүнмөк да, кайдан билмек. Билгенге, тоонун өзү түз жердин үстүндө казык болуп, кагылып турат. Ушундан улам Шайлообек агайдын чоң апасы согушка кеткен уулу Ормонун баскан жерин, отурган ташын издеши, сары-санаасын, кусасын жансыз таштан чыгарышы, аз болсо да ошондон каниет алып алышы, энелик мээримдин, энелик сүйүүнүн туу жеткен чеги тура. Мына ушул бир карасаң жөнөкөй эле эч бир көркөмдүгү жок, жупуну жазылган өтүмүш болгону менен, кандай гана түстүү эмоциялар берилген, албуут сезимге чулганбай коё албайсың, ушунун өзү сыйкыр, ушунун өзү арбоо да.
Чындыгында эле, энелердин чексиз мээрими менен сүйүүсү болбосо, бул дүйнөнү кимдер кармап турмак. Ансыз дагы жамандан жакшыны, актан караны, көптөн азды бөлөлбай жашап жаткан заманда, улуу муундун басып өткөн жолу, тагдыры, өмүрү бизге насыйкат болот экен. Анткени аларды жокчулук, каатчылык эле эмес, өлүмдүн өзү дагы өксүтө албаптыр. Себеби апалардын үмүтү эч качан өлбөйт, үмүт алдында ажал дагы алсыздыгын сезет. Чоң апанын үмүт учкундарын өчүрүү мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө ошол Ормо баласы экөө акыркы жолу олтурган таш, ооба, акыркы жолу олтурган ташы ага тээк болуп турган эле да. Ал сезимди Жараткан Кудайдын бир өзү гана алалбаса, башка кимдин алы жетет. Ар кимдин өзүнө ченеп алган, бөлүп алган ыйыктары болот. Биздин кемчилигибиз ошол баалуулуктарды жоготуп ийгендигибизде болуп жатат. Айтмакчы, ыйык дегенде эле сыйына турган нерсени ойлобош керек. Кимдир бирөөлөр үчүн арзыбаган нерселер, башка бирөөлөр үчүн көзгө сүрткөн тумар, таберик. Ошону менен дүнүйөсү түгөл толуп, азга канагат алат. Шайлообек агай менен чоң апасынын ошондой ыйыктарынын бири, алар далай жолу каттаган, үмүт шооласын жандырган таш эле, таш турган жер эле. Балким, ал жөн жер эмес, кут оонаган жер, кут конгон таштыр. Аттиң, кайсалатып таптырбай кетишинде да белгисиз өкүт менен кусалык, сагыныч бар. Канчалык жол арыбасын, баары бир көкүрөктөгү балалык баё, тунук сезимдер жоголбойт. Ошондуктан энелик мээримге, жылуу сөзгө дайым муктажсың. Балалык жолун эрте «аяктагандар» көөдөнү толбос жалгыздыктын чеңгээлинде, кусалыктын түпкүрүндө тургандай, көздөрү күлүп турганы менен, көңүлдөрү толбой кыш болуп турат. Бул дагы билгендер үчүн айтылгандыр…
Көл өрөөнүнөн чыккан атактуу бийлердин бири Карга аке:
Көп курусун, көпкө бүткөн көз курусун,
Аз курусун, азга бүткөн сөз курусун.
Көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун,
Аз курусун, азга бүткөн жан курусун, — деп, ынтымакка келбеген туугандарына, чыр-чатактардын айынан алсыраган элине жан дүйнөсү кыйрап, кайрылып айткан экен. «Атадан бала өтпөсө, акыр заман келет» дегендей, айтаарыбыз мурункулардын каталарын кайталабай, пенделикке алдырбай, туу көтөргөн алтандарды аздектеп алалбасак, улуулугубузга, нарктуулугубузга доо кетип, шек жаралбайбы деген арсыз ойлор аргасыз күмөнсүтөт. Анткени эл түздөнгөн, көптөн үмүттөнгөн улут туткалары акын-жазуучуларга, окумуштууларга, салттуу өнөр ээлерине жөнү жок асыла берүүнүн өзү улуттун өзөгүнө доо кетирүү менен барабар. Айрыкча, дөө-шаалардын, чыныгы элиталардын өз ара карсылдаша «сүзүшүп» жатышы, түшүнгөндөрдүн эч кимисине абийир алып келбейт. Болгону, акылдуу чыккан кийинки муун «аттигиң, пенделик кылышыптыр» дешип шыпсынышып, моюндарын созо жер карап калышпаса деген күдүк ойлор да чырмалат. Ошондуктан акындардын алтаны Шайлообек агайыбыз өңдүү асылдарды учурунда барктап алалы, кадырына жетели, санатынан миң сабак алалы…
Октябрь КАПАЛБАЕВ
Булак: “Ачык сөз” гезити