Домой Коом Колго чаап, капчыгын соолутуш керек

Колго чаап, капчыгын соолутуш керек

56

Өлкөнүн экономикасын кантип көтөрүп, карыздан кутулуунун амалын тапса болобу деген маселени ар ким өзүнүн мээсине жараша чечмелөөгө муктаж. Ал тургай олигархтарды чөгөлөтүп, түрмөгө камап, керек болсо тергөөсүз, сотсуз эле атып салыш керек деп араң турган элди ойготууга далбастагандар болду. Ооба, мындай келечеги жоболоңдуу “ураандарды” кош колдоп кубаттагандар чыгаары калетсиз. Эч кандай мыйзамдарды уруп ойнобой “баатыр” болгусу келгендерден да уучубуз кур эмес. Антсе да мындай кадам өтө кооптуу экенин эскерте кетели. Андай учурда кыймылсыз мүлктөр өрткө чалдыгып, додолонгон күлгө айланат. Көпөстөр башын аман калкалоо калуу үчүн “караларга” салыгын төлөйт. Демек, бизге пайдасыз болот.

Ошондо кантип бөксөлүктөн кутулбаган казынабызды каражатка толтуруп, өксүк маселени жайгарса болорун сапка тизели. Чын эле көмүскө жол менен эпсиз байыгандардын байлыгын иликтеп чыгып, топтолгон мүлкүнө карата мамлекетке (керек болсо ачылган эсепке) акчасын салдыруу туура келет. Аларды камап, бекер тамак берип эмне кереги бар? Анын үстүнө андай убакта “обшактын”  эсебине акчасын берип, мамлекет кур жалак калат. Акылбек Жапаровдун, Исхак Пирматовдун, Улукбек Ормоновдун, Азамат Арапбаевдин,  Абдимуктар Маматовдун, Жалил Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Нариман Түлеевдин жана башка көпөстөрдүн  арам жол менен жыйнаган байлыктарынан салык катары өкмөттүн казынасына төктүрсө далай проблемабызды оңой эле чечип алмакпыз. Арийне, бул абдан оорчулук жаратат. Демек, баш прокурорду, финполдун жетекчисин,башка күч түзүмдөрүнүн министрлерин, төрагаларын  элге күйгөн азаматтардан тандоо мезгилдин  өктөм талабы. Таза, мекенчил жетекчилер кызматка тартылса жүз күндө жыйынтык байкалат. Тилекке каршы азыркы бийлик мындай ыкчам аракетке барбайт.

Булак: “Ачык сөз” гезити