Домой Коом Баткенди кантип күчтөйбүз?

Баткенди кантип күчтөйбүз?

233

Рак шишигиндей болуп калган жараны эч бир өлкө башчы ийге келтире албай койду. Мурдагылары деле, учурдагысы дагын шылкыйып туруп бергенден башка так кесер жообу жок. Ал ортодо илгери ат үстүндө жүргөндөр түркүн “көмүскө” сырларын айтып, сексенге жашы келсе да майлуу устуканга ээ болгусу келет. Алардан башка каарман жоголуп кеткенсип журналисттер бүгүн чек арада ок атылды дегиче баягыларды эле эрмектей беришет. Алар болсо баштагы эле “жомогун” айтуу менен алек. Анысынан ныпым өзгөрүү болбойт. Ал эми биздин жоокерлер болсо тажиктер миномет менен аткылашса да башын каткан бойдон жата беришет. Анткени аткылап жиберсе суракка чакырып, тил кат жаздырып ит акмагын чыгаргандар табылат. Андан көрө эптеп милдетин өтөп кетип калайын деген эле пенделер.

Маселени кантип чечсе болот? Балким Баткендин губернаторуна тийиштүү укуктарды берсек иш оң жагына чечилип жүрбөсүн. Өкмөттүн орун басары ордунан козголуп чек арага жеткиче губернатор эч нерсени чече албайт. Онтологон, арсыз орун басар барганда деле омоктуу жылыш болбогонун көрүп эле жүрөбүз го. Ошондуктан белсемдүү эл өкүлдөрү, данектүү ойлору, аргументтери бар адамдар менен биргелешип иш жүзүндө иштей турган мыйзамдарды жазууга мезгил келди. Бизнесмендерди коргогондон көрө чек араны бекемдөө кажет. Негизи тең ата сүйлөшө алган, мекеним деп жүрөгү соккон, эрки болоттой бекем губернатор келгенде гана чек арада ок атылбайт, элибиз тынчтыкта жашайт. Көрөгөч, көкүрөгү таза адамдарды тапса деле болот. Баса, чек арачылардын маселесин чечүү гө берилген каражатты да губернатор эсепке салып турганы оң болот. Чек аранын жетекчилерине да ушул ыйгарымдуу өкүл киришсе татыктуу кадрлар келмек. Тууганчыл эмес, туруктуулукту кармаган башчы гана иштин өтөөсүнө өтө алат. Акчаны эмес абийирди ойлонуу учурдун күрөө тамырына качан айланаар экен?

Булак: “Ачык сөз” гезити