Домой Саясат Салянова Батукаев иши боюнча тергөө менен кызматташууну токтотту

Салянова Батукаев иши боюнча тергөө менен кызматташууну токтотту

166

Ал Салянова тергөө кызматташуу жөнүндө келишимге чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн айтты.

«Тергөө менен түзүлгөн келишим боюнча сотко күбөлөрдү чакырганга болбойт экен. Керек болсо соттун өкүмүнө каршы даттанууга да болбойт. Ошон үчүн Аида Салянова күнөөсү жок экенин толук далилдеш үчүн келишимден баш тартты. Андан тышкары Салянова «Атамбаев мыйзамсыз буйрук берген» деп айткан эмес. Эгер медициналык анализдерди бурмалоо боюнча тергөөдө Атамбаевдин күнөөсү далилденген болсо, Аида Салянованын көрсөтмөсү ошондо гана чоң роль ойнойт».

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Булак: Азаттык