Нуржан Тынымсеитова — “Елизавета” курулуш компаниясынын башкы директору, ошондой эле ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын айтымында, учурда кѳпчүлүк жарандар, айрыкча жаштар муктаж болуп жатышкан “жеткиликтүү турак жай” долбоору аны кѳптѳн бери ойлондуруп келет. Биз менен болгон эксклюзивдүү маегинде масштабдуу долбоорду ишке ашыруунун жолдору, ѳзүнүн ишмердиги, үй-бүлѳсү тууралуу айтып берди.
—Нуржан Мырзагуловна, ѳзүңүздүн балалык күндѳрүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Каерде ѳткѳн, эсиңизде эмнелер калды?
— Балалыгым Чүй облусунун Токмок шаарында ѳттү. Үй-бүлѳбүздѳ 3 балабыз: улуусу мен, менден кийин сиңдим жана иним. Токмоктун 1-кичи районунда жашадык, №9 мектепте окудум.
Балагымдагы эсте калган учурларды айтсам, 1-Май жана 9-Май майрамдарын чыдамсыздык менен күтѳр элек. Бул күндѳрү үй-бүлѳбүз менен аянтка барып, майрамдык парадды кѳрчүбүз. Ата энебиз бизди сулуу кылып кийиндирип, ар бирибизге 20 тыйындан берип коюшчу, биз ал акчага суусундук ичип, таттууларды жеп, ѳзүнчѳ бакытка балкыйт элек. Чынында биз бул майрамдарды аябай күтчүбүз.
—Кичинеңизде ким болгуңуз келчү, эмне үчүн?
— Атам орус тили жана адабияты мугалими болуп, бүткүл ѳмүрүн мектепте балдарга билим берүүгѳ арнады. Катардагы мугалимдиктен директорлукка чейин жеткен. Апам Политехникалык институтунда эт сүт ѳндүрүшү боюнча инженер-технолог адистигине ээ болгон. Кѳпчүлүк балдар ата-энесин үлгү тутуп, алардын жолун жолдошот эмеспи. Мен ата-энемдин жолу менен кетпедим, алар деле менин кесип тандоомо кийлигишкен жок. Болочок кесибимди ѳзүм максаттуу түрдѳ тандагам. Ата-энебиз жылда жайында чоң энебиздикине чарба иштерине жардамдашуу үчүн жѳнѳтүп тургандыктан, айылдагы чоң энемдикине кѳп бардык. Ошондо мага чоң энемдин үйү аябай кичинекей кѳрүнчү. Чоңойгондо чоң энеме эки кабаттуу, бүт шарттары бар заңгыраган үй куруп берем деп кыялданчумун. Балким, курулушчу кесибин тандоомо ошондогу кыялым себепчи болду окшойт. Мындан башка менин чоң жүк ташуучу авто унааларды айдаган “дальнобойщик” болуп, башка ѳлкѳлѳргѳ барып саякаттасам, эл, жер кѳрсѳм деген каалоом бар эле.
— Студентик күндѳрүңүз кандай ѳттү? Агездеги эсте калган окуялар, окуудагы кыйынчылыктар ж.б. тууралуу айтып берсеңиз.
— Кѳпчүлүктѳй эле менин да студенттик күндѳрүм кызыктуу жана кѳңүлдүү ѳткѳн. Бир нерсени белгилеп айтып кетсем, биздин 27 баладан турган тайпабыз аябай күчтүү болчу. 27 студенттин 20сы окууну артыкчылык диплом менен бүтүргѳнбүз, алардын арасында мен да бармын. Баарыбыздын окусак, мыкты адис болсок деген каалообуз, максатыбыз зор эле.
— Сиз «Елизавета» ири курулуш компаниясынын башкы директорусуз. Айтсаңыз, карьераңызда мындай бийиктикке кантип жетиштиңиз?
— Мен бүгүн эмнеге жетишкен болсом, анын баарына ѳзүмдүн эмгекчилдигимдин, жоопкерчилигимдин жана чынчылдыгымдын аркасында жетиштим. Жаштардын баарына ушул принциптерди карманууга кеңеш берем. Ошондой эле мага үй-бүлѳм, жакын адамдарым чоң колдоо кѳрсѳтүп келет.
— Айрым эксперттердин пикирлери боюнча, борбор калаадагы батирлердин чарчы метр аянтынын баасы реалдуу бааларынан кыйла жогорулатылган. Чарчы метр аянттын баасы кантип аныкталат?
— Батирдин 1 чарчы метр аянтынын баасы кѳп кабаттуу үй курулган жердин ѳздүк баасынын негизинде аныкталат. Эгерде борбор калаанын борбордук бѳлүгүнѳ жакын жерде болсо бир баа, шаардын четинде болсо башка баа. Экинчиден, үйдүн кабатына байланыштуу болот. Мисалы, 1-кабаттан 5 кабатка чейинки батирлердин баалары кыйла кымбат, андан жогорудагы батирлердин баасы тѳмѳн болот. Ошондой эле курулушта пайдаланылган курулуш материалдар да батирлердин бааларын аныктоого таасир этет.
— Социалдык турак жай маселеси ѳлкѳдѳгү кѳйгѳйлүү маселелердин бири. Тилекке каршы, кѳптѳгѳн жарандарыбыздын үйлѳрү жок болгондуктан, батирлеп жүрүүгѳ аргасыз. Курулуш компаниясынын ѳкүлү катары кырдаалдан чыгуунун жолун эмнеден кѳрѳсүз?
— Ооба, социалдык турак жай маселеси учурдагы актуалдуу кѳйгѳйлѳрдүн бири. Биздин компания акыркы жылдары бул багытта кѳп иштерди алып барууда. Акыркы долбоорубуз биздин жарандардын иштеген жерине, мамлекеттик же муниципиалдык кызматкер экенине, же менчик ишканаларда иштегенине карабай турак жайлуу болуусуна багытталган. Тагыраагы, биз кардарларыбызга 3 жылга узартып тѳлѳѳ мүмкүнчүлүгүн бердик. Мурда практикада биринчи тѳлѳмсүз жана пайызсыз 36 айга узартып тѳлѳѳ болгон эмес. Аталган долбоор биздин жарандарга мындай колдоо ѳтѳ керектигин кѳрсѳттү. Бүгүнкү күндѳ биздин компания муктаждарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытында иштеп атат. Кѳп кабаттуу үйлѳрдүн комплексинин курулушу пландалууда, ал жерден жарандар 3 жылдан 7 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ узартып тѳлѳѳ шарттары менен батирлерди сатып ала алышат. Мындай жолдор менен жарандарыбызга, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге жеткиликтүү турак жай сатып алууга жардам берүүнү кѳздѳп атабыз.
— Курулуш тармагынын бардык деңгээлдеринде коррупция ѳнүккѳндүгү жашыруун эмес, эң эле ѳкүнүчтүүсү, коррупция – текшерүүчү жана курулушка уруксат берүүчү органдарда күч. Натыйжада курулуш объекттеринин сапаты ар кандай шектенүүлѳрдү жаратат?
— Муниципиалитет тарабынан акыркы жылдары бул багытта, коррупцияга бѳгѳт коюу үчүн конкреттүү иштер аткарылды. Арыздарды кароо системасы түп тамырынан ѳзгѳрдү. «Бирдиктүү терезе» уюштурулуп, программалар санариптештирилди, бул арыз менен кайрылган адамга ѳзүнүн арызынын же кайрылуусунун аткарылуусуна байкоо салып турууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндѳ кайрылуучу менен аткаруучунун ортосундагы байланыш тѳмѳндѳтүлүп, кызмат кѳрсѳтүү ачык айкын, жеткиликтүү болуп калды.
— Теманы уласак, Сиз ѳзүңүз коррупциялык иштерге тушуккан учуруңуз болгонбу? Пара берип кѳргѳнсүзбү?
— Жеке менде андай учур болгон эмес.
— Курулуш иштерине уруксат берүүчү документтерди алуу кыйынбы?
— Мен жогоруда айткандай, азыркы күндѳ кыйын болбой калды. Баары түшүнүктүү, так, ачык айкын, жеткиликтүү. Кандайдыр бир уруксат берүүчү документтерди берген мекемелердин баарынын расмий сайттары бар. Сайтта бардык кызыктырган суроолорго жооптор, маалыматтар бар.
— Булардан сырткары, муниципиалдык жер тилкелерин, мамлекеттик жана билим берүү объекттерин ири курулуш компаниялары мыйзамсыз алып алуу кѳрүнүштѳрү да борбор калаадагы чоң кѳйгѳйлѳрдүн бири. Кѳптѳгѳн иштер соттордо каралууда. Шаардык кеңештин депутаты, курулуш тармагынын ѳкүлү катары бул боюнча эмне айта аласыз?
— Ооба, мурда жол берилген мындай фактылар бар. Буга окшогон фактылардын кайталануусуна жол бербѳѳ үчүн 2014-жылы Бишкек шаардык кеңеши тарабынан № 45 «Муниципиалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жер тилкелерине укуктарды аныктоочу документтерди берүү жѳнүндѳ маалымат» деген токтом кабыл алынган. Анда биз, шаардык кеңештин депутаттары жогоруда айтылган жер тилкелерин каттоону аягына чыгарып, укуктарды аныктоочу документтерди каттаганга чейин муниципиалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жерлерин берүүгѳ тыюу салганбыз.
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2019-жылдын апрелинде шаардык кеңештин 2009-жылдагы №125 «Ар кайсы багыттагы объекттердин жер тилкелерин ижарага берүүгѳ мораторий жарыялоо жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳр киргизилген. Биз киргизген бул ѳзгѳртүүлѳр ар кандай түрдѳгү объекттерди убактылуу пайдаланууга берүүгѳ 3 жылга мораторий киргизүүнү, жаңы жер тилкелерин түзүүгѳ жана берүүгѳ, андан кийин сатууга 1 жылга мораторий киргизүүнү караган.
— Бишкектин жаңы архитектуралык образы айрымдардын нааразычылыгын жаратып келет. Кээде туруп буюртмачылар менен курулуш компаниялары ѳздѳрүнүн фантазияларына, каалоолоруна жараша курулуштарды жүргүзүп жаткандай таасир жаралат. Натыйжада башаламан жана контрасттуу эмес архитектура пайда болууда. Бирдиктүү стандартты түзсѳ болбойбу?
— Балким, мындай абал жерлердин баары толугу менен муниципиалитетке карабагандан улам болуп жатса керек. Кѳптѳгѳн жер тилкелери мыйзамдаштырылып, менчикке ѳтүп кеткен, бул шаардагы жерлердин 70 %ын түзѳт. Биз менчик ээсинин конституциялык укуктарын буза албайбыз. Ошондуктан менчик ээлери ѳздѳрү каалагандай курулуштарды жүргүзүп жатышат. Бирок ага карабай Бишкек шаардык мэриясы менен шаардык кеңеш тарабынан бул багытта биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүн мурдагыдай башаламан курулуштарды жүргүзүү токтогон.
— Курулуш тармагы туруктуу жумушчу орундарын түзѳт. Курулушчулардын социалдык абалдары жана алардын маяналарынын ѳлчѳмү тууралуу айта аласызбы?
— Биздин компаниянын мисалында гана айтайын. Бизде ар бир жумушчунун айлыгы аткарган жумушуна жараша тѳлѳнѳт, анын спецификасы, компаниянын кээ бир бонустары эске алынат.
— Сиздин оюңузча, коронавирус курулуш бизнесине кандай таасир этет?
— Коронавирус пандемиясы биздин ѳлкѳнү гана каптаган жок, дүйнѳ жүзүн каптап, кризис курулуш бизнесине эле эмес, ишкерликтин башка тармактарына да терс таасирин тийгизди. Курулуш бизнеси да бир катар кыйынчылыктарга кептелди. Бирок, мен элибиздин биримдиги, ынтымагы менен пандемияны жеңебиз деп ишенем. Ѳкүнүчтүүсү, пандемия бир топ мекендештерибиздин ѳмүрлѳрүн алып кетти. Учурдан пайдаланып, коронавирустан жакындарын жоготкондорго кѳңүл айтып, кайрат каалайм. Пандемия маалындагы турмушубуз элибиз оор күндѳрдѳ бириге аларын кѳрсѳттү, ошондуктан мен Кыргызстандагы абал стабилдешип, жай турмушка кайтып барарыбызга ишенем. Элибизге бекем ден соолук, бакыбатчылык каалайм.
— Шаардык кеңештин депутаты катары кандай кѳйгѳлѳрдү чечүүгѳ жетиштиңиз? Кандай маселелерди кѳтѳрдүңүз?
— Шайлоо алдындагы кампания учурунда шайлоочуларыма шаарды ѳнүктүрүү багытында иш алып барам деп убада бергем. Шаардын ичиндеги кичи райондордун, квартал ичиндеги жолдордун ремонттоо иштерин жүргүзүү, электрондук билеттештирүү маселелерин кѳтѳрүүгѳ убада бергем. Ошондой эле борбор калаага кѳп автобус сатып алууга убада бергем. Бул убадаларды аткардым. Оң натыйжага жетиштик. Булардан сырткары, шаардык кеңештин 2-чакырылышынын депутаты жана муниципиалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Туруктуу комиссиянын мүчѳсү катары кесиптештерим менен берге борбор калаабызды ѳнүктүрүү, кѳйгѳйлүү, актуалдуу маселелерди чечүү жаатында дайыма иш жүргүзүп келдик. Атап айтсам, шаардын борбордук бѳлүгүнѳ май куюучу станцияларды курууга мораторий киргизүү; жогоруда айткан жер тилкелерин берүүгѳ мораторий киргизүү; жер мамилелерин жѳнгѳ салган бир катар токтомдорду кабыл алдык.
— Эми жеке турмушуңузга келсек, үй-бүлѳңүз тууралуу айтып берсеңиз.
— Албетте, жумушума жана депутаттык ишмердигиме карабай, мен биринчи кезекте жубаймын, үч баланын энесимин. Бир кызым жана эки уулум бар. Жолдошум мамлекеттик кызматкер. Улуу кызым Бермет 23 жашта, Кыргызстандын Эл аралык университетин бүтүргѳн. Окууну лингвист (кытай тили) адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап, учурда ошол эле университетте иштеп атат. Ортоңку уулум Атай 19 жашта, ал дагы ушул эле окуу жайдын студенти, эл аралык укук адистиги боюнча билим алып жатат. Кенже уулум Бакай 14 жашта, Ф. Гете атындагы №23 гимназияда немец тили багытында окуйт. Бардык эле ата энелердей биз да бош убактыларыбызды балдарды тарбиялоого, алардын аракеттерин колдоого алууга бурабыз. Албетте, менин иш графигим менен дайыма эле кѳңүл бура албайм. Бирок ага карабай үй-бүлѳбүз менен кино кѳрүүгѳ барганды, табиятка чыкканды, сейилдегенди жакшы кѳрѳбүз. Жолдошум менен балдарды тарбиялоого, туугандык катыштарды бекемдѳѳгѳ, ата энелерибизге кам кѳрүүгѳ аракет кылып келебиз.
Булак: Багыт