Домой Саясат «Ыйман Нуру» саясий партиясына бут тосулудабы?

«Ыйман Нуру» саясий партиясына бут тосулудабы?

357

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Урматтуу шайлоочулар!

«Ыйман Нуру» саясий партиясы шайлоого барбайсыңар деген сыяктуу маалымат келди. Себеби «Ыйман нуру» партиясы радикал партия деген шылтоо менен, шайлоодон четтетуу аракети башталып жатат!☝️☝️
Эмне деген адилетсиздик, теңсиздик. Жеке мен бул шылтоого каршымын. Биздин катарда ар улуттун өкүлдөрү жана ар түрдүү кызмат ээлери бар, ошондой эле ислам динин кармангандар көбүрөөк, себеби Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн Ислам динин кармангандар түзөөрү чындык.
Ошону менен бирге, биздин катарды, курулушчулар, өндүрүшчүлөр, завод-фабриканы куруп жаткандар, юристер, маданият өкүлдөрү, жаштар, жаңы жүздөр түзөт. Мурунку 5-6-чакырылышта отурган депутаттар жок тизмеде. Жаңылар, жаштар болгону үчүн шайлоого барбайсын деп жатабы? Тушунуксуз!Баарыбыздын укугубуз бирдей!Кандайдыр бир мыйзам бузулган фактылар болсо ,Элге ачык алып чыгып көрсөтсүн !90 жылдагы бут тосуу системадан качан арылабыз!!

Эгерде «Ыйман нуру» партиясы шайлоодон четтетилсе ,анда таза шайлоо болот дегенден алыспыз.Келиңиздер эми, жалпак тилде айтканда «Эркекче» ат салышалы..Калганын Эл өзү тандап алат..

»Ыйман Нуру» саясий партиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер.

Нияз Сарыев