“Бишкекте дарактар унаанын көптүгүнө байланыштуу ооруп жатат. Абанын булганышы дарактардын жалбырагына чоң таасир берүүдө”, – деди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев.
Ошондой эле депутаттын айтымында, бул маселе 5 жылдан бери айтылып келе жатат.
“5 жылдан бери бул маселе айтылып келе жатат. Бирок тилекке каршы эч кандай жыйынтык жок. Ушул Бишкек шаарындагы дарактарды сөзсүз түрдө дарылоо керек. Жылдан-жылга каражат дагы бөлүнүүдө. Башка өлкөлөрдү карасак, унаанын көптүгүнө карабай, дарактарды дарылап, жыйынтыктарды чыгарууда. Бизде болсо эч болбой жатат. Мен быйыл байкадым, жаз мезгилинде дарактын жалбырагы толук чыккандан кийин бир айга жетпей түшүп калды. Бул биз үчүн чоң коңгуроо. Ушул маселени чечиш керек”, – деди Нышанов.
Булак: KyrgyzToday.kg