Домой Саясат Депутаттыкка аттанган Каныбек Туманбаевдин байлыктары Икрамдыкыбы?

Депутаттыкка аттанган Каныбек Туманбаевдин байлыктары Икрамдыкыбы?

915

“Шопурдун шопуру” аталган, Икрам Илмияновдун шакирти саналган Каныбек Туманбаев “Биримдик” партиясынан шайлоого аттана турганы желдей тарады. Карантинде кайрымдуулук иштерин кылып, пиар кылганына да күбө болгонбуз. Учурда акчалуулар гана шайлоого катыша тургандай шарт түзүлүп калбадыбы.

Бирок, Туманбаев байлыгын “тумандатпай”, ачык жарыя кылып койсо не? Тар чөйрөдө кеп башка, ал Икрамдын “кол баласы” болуп жүрүп, шефинин байлыктарын өзүнө жаздырып алуу менен жерден боорун көтөргөнбү? Кыргызстандагы ишкерлер эмне сатып, кандай жолдо байыганы белгилүү. Ал эми Туманбаевдин эбегейсиз мүлктөрү, бизнестери кайсы “сыйкыр” менен табылган? Же Икрамдыкы болсо ачык эле айтпайбы?..

Aryba.kg