Домой Саясат Балбак Түлөбаев: «Сөзсүз эле жакындарыбыз ооруш керекпи?»

Балбак Түлөбаев: «Сөзсүз эле жакындарыбыз ооруш керекпи?»

106

Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Бишкекте санитардык талаптар аткарылбаса шаар кайра жабылат» деген сөзүнө сын айтып чыккандарга жооп берди.

«Калайык!

Мени сөккөндөр, урушкандар, каргагандар болду. Шаарды санитардык норманы сактабасаңар жабылышы мүмкүн десем. Бирөөлөр рейтингиңиз түштү дейт. Мага рейтинг, пиардын кереги жок. Бизге элдин амандыгы, улуттун ден соолугу керек.

Ишенбеген жарандарга айтарым, бизде, шаардыктарда эмне күнөө, сиздер санитардык норманы сактабай атып биздин ден соолугубузга, өмүрүбүзгө коркунуч алып келип атасыздар. Бул тумоо тез арада жайылып көтөрүп чаап атат. Бирок билинбей ооруган адамдар вирусту жайып алганын билбей калып атат. Ошондуктан маска кийгиле, аралыкты сактагыла деп какшап атабыз. Көп бизнес жерлери норманы сактап атат. Аларда эмне күнөө. Коомдук кызыкчылыкты колдобойлубу? Ооруну үйгө ташыбай, кайдыгерликти токтотпойлубу? Сөзсүз эле жакындарыбыз ооруш керекпи?», — деп жазган Балбак Түлөбаев.