Домой Саясат Видео — Садык Шердин саясаттагы салмыгы сайдын ташындай салмактуу болуп барат…

Видео — Садык Шердин саясаттагы салмыгы сайдын ташындай салмактуу болуп барат…

83

Президенттикке талапкер Садык Шернияз парламентазимдин артыкчылыктарын күн сайын  түз эфир аркылуу айтып, элге кенен да, тереӊ да жеткирүүгө аракет кылууда. Албетте, анын бул аракети натыйжасыз деп айтууга болбойт! Анткени, буга чейин парламенттик ситеманы жакшы билбей, үстүртөн гана маалыматы бар бир топ адамдар Садык мырзанын жеткиликтүү  айткандарынан кийин ойлору  өзгөрүп жатканын  социалдык тармактардагы ондогон, жүздөгөн коментарийлерден билүүгө болот. Аны менен бирге супер президенттик системаны каалап келгендер да ал оюнан кайтып жатышат.  Калыстык үчүн айтсак, Садык мырзанын коомдогу колдоочулары күн сайын арбып, ишенимди тереӊдеттүүдө. Жалпы кыргыз маданиятынын өкүлдөрүнүн  басымдуу бөлүгү Садык Шернизяды тандай турганы эч кандай табышмак эмес.   Мындай көрүнүш, Садык мырзага президенттик шайлоодо жакшы ийгиликке жеткирет..