Домой Коом «Манас» аэропортунан беш ителги алып бараткан чет элдик жаран кармалды. (видео)

«Манас» аэропортунан беш ителги алып бараткан чет элдик жаран кармалды. (видео)

248

Коңшу өлкөнүн жарандарынын бири жашыруун алып өтүүгө аракет кылган ителгилердин үчөө тирүү, экөө өлүк чыккан.

Кызыл китепке кирген канаттууларды өлкөдөн алып чыгып кетүүгө аракет кылган чет мамлекеттин жараны «Манас» аба майданынан колго түшүрүлдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

22-ноябрда таңкы саат 05.30дар чамасында жүк ташуучу терминалдан коңшу өлкөлөрдүн биринин 25 жаштагы С. Д. аттуу жаранынын кол баштыгынан беш ителги табылган. Аны аба транспорттогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматы менен биргеликте аныктаганы айтылат.

Текшере келгенде ителгилердин үчөө тирүү, экөө өлүп калганы белгилүү болгон.

Аталган факты КЖБРге Жазык кодексинин 293-беренеси («Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканы белгилүү болду.

 

булак: sputnik.kg