Александр Лукашенко Россияга 1 миллиард доллар карызын бербей, мунун аркасы менен кыйынчылыкта турган улуттук валютасын колдоорун айтты.
«Россиянын президенти менен бул маселени талкууладык. Тагыраагы, биз сөз болуп жаткан 1 миллиард долларды өзүбүзгө калтырабыз. Бул биздин улуттук валютаны колдоо үчүн жакшы жардам болуп берет. Эми маселе өкмөт башчылардын деңгээлинде талкууланат», — деди Лукашенко.
Президент беларусь рублинин наркы ого бетер түшүп кетишине жол бербей турганын кошумчалады. Анткени өлкөдөгү нааразычылык акциясынан кийин улуттук валюта бир топ алсырап кеткен. Тактап айтканда, 10-августтан бери доллардын курсу 8,17 пайызга, евронуку 7,99 пайызга өскөн.
Булак: sputnik.kg