Бүгүн, 27-августта Свердлов райондук сотунда “Кыргызстан” партиясынын БШКга карата доо арызы каралган.
Сот «Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечилип, БШКнын чечими жокко чыгарылды.
Сот залынан чыккан партия лидери Канатбек Исаевди журналисттер тосуп алды. Бирок ал комментарий берген жок. Партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов: «Сот биздин арызды карап, канааттандырды. БШКнын жумушчу тобунун чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү чечим чыгарды», — деди ал.
Cвердлов райондук сотунун имаратына жүздөгөн адамдар, партиянын тарапкерлери жана жарандык активисттер соттун чечимин угууга келишкен.