Кыргызстанда сот «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы берген арызын карап жатат. Бир күн мурда БШК партиянын документтерин ыйгарым укуктуу өкүлү өзү тапшырган жок деген негизде анын документтерин алуудан баш тарткан эле. Ошондон кийин аталган партия сотко арыз менен кайрылган. Бишкек административдик соту бул ишти бүгүн карады.
«Кыргызстан» партиясынын жаңжалы бүтө электе, БШК менен соттошо турган башка партиялар да чыгууда. Шайлоо күрөөсүн төлөй элек «Актив» партиясы БШК аларды каттабай койсо, бул баш мыйзамга каршы келерин билдирип жатат.
Шайлоо күрөөсү көп өлкөлөрдүн саясий тажрыйбасында бар, бирок Кыргызстандын мисалында бул талап парламентке жалаң гана олигархтардын партияларына жол ачкан акыйкатсыз норма катары каралууда.
«Конституцияда шайлоо күрөөсү деген жок»
Шайлоого барарын башында 44 партия жарыя кылган. БШКга убагында документ тапшырган партиялар 16 болду. Эми алардын ичинен акчасын убагында төлөбөгөн, «Мекен ынтымагы» жана «Актив» партиялары тизмеден чыгып калышы мүмкүн. БШКдан алар 24-август саат 18.00гө тийиштүү күрөө суммасын төлөгөн эмес деп билдиришти.
«Актив» партиясы өз кезегинде беш миллион сом күрөө төлөө талабын Конституцияга каршы келген мыйзамсыз норма деп карап жатат. Эгерде БШК ушул негизде каттабай койсо, анда алар шайлоо комиссиясы менен соттошууга барган турат.
«Биз алар менен соттошобуз. Алар биздин сотко кайрыларыбызды билет. Шайлоо башталганда эле 6-июлда биз БШКга кат жибергенбиз. Силер азыркы шайлоодо кайсы мыйзам менен каттайсыңар, эң жогорку мыйзам Конституция мененби же парламент кабыл алган шайлоо мыйзамы мененби деп суроо койгонбуз. Ошентсек, төрайым жооп бербей, орун басары Бегматов бул эки мыйзам бири-бирине шайкеш келет деп жооп берди. Биз айттык: шайкеш келбейт, эмне үчүн дегенде Конституцияда шайлоо күрөөсү деген жок»,-деди Би-Би-Сиге аталган партиянын лидери Курманбек Иманалиев.
Мыйзам боюнча шайлоо күрөөсү беш миллион сом, аны көп партиялар төлөй албагандыктан шайлоого барган жок.
Шайлоо күрөөсү партияларды өнүктүрүү үчүн коюлган, саясий уюмдар мүчөлүк акы чогултуп, каржылык жактан бекемделиши керек эле. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок, мүчөлүк акы чогулткан партия жокко эсе. Саналуу партиялар шайлоо алдында бай ишкерлерди тизмеге кошуп, алардын акчасы менен шайлоого баратышат.
Шайлоо күрөөсү партияларды өнүктүрүү максатында коюлган менен иш жүзүндө ал партияларга өзүнчө тоскоолдук болуп калды. Шайлоого катышуу олигархтар түзгөн же аларга таянган партиялардын гана энчисине айланды.
Ошол эле учурда шайлоого аттанган партиялардын айрымдары тийиштүү акчаны элден, шайлоочулардан чогултканын билдирип жатат. Мисалы, каттоосу каралып жаткан партиялардын ичинен «Реформа» уюму беш миллион сомду шайлоочулардан, элден чогултту.
«Азыркы саясий элитанын шайлоого жаңы күчтөрдү катыштырбоо үчүн жасаган тоскоолдуктары аларга жардам берген жок, биз шайлоого барабыз» деп жазды партия өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.
«Бизде партиялар жок»
Кыргызстанда расмий каттоодо турган партиялардын басымдуу бөлүгү акчасы жок, ошон үчүн шайлоого бара алышпайт. Алардын бири 2006-жылы түзүлгөн «Кыргыз жери» партиясы, лидери Калича Умуралиева.
«Биздин партия 2006-жылы иштеп баштаганда мүчөлөрү бар болчу. Мисалы, миң киши ар бир айда мүчөлүк акы 100 сомдон төгө берсе, биз азыр шайлоого келгенде беш эмес, он миллион сом колубузда болмок. А бирок бизде партиялар жок да. Өзүңөр көрүп атпайсыңарбы, бир партиядан бир партияга кирип атышат. Алар мүчөлүк акы төлөйбү? Эч ким төлөбөйт, анткени алар партиянын мүчөсү эмес»,-дейт Калича.
Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатканда партиялар үчүн шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон үч миллионгго түшүрүү жөнүндө сунуштар болгон. Бирок колдоого алынган эмес.
Шайлоо күрөөсү партияларды расмий каттоонун милдеттүү шарттарынын бири, анын максаты партияларды электен өткөрүү, таасири жок, активдүү эмес майда-чүйдө партияларды четке сүрүү.
Шайлоо күрөөсү Улуу Британияда, Францияда жана башка көп мамлекеттерде бар. Ал эми Орусияда 2009-жылы эле талапкерлер менен саясий партиялар үчүн шайлоо күрөөсү жоюлган. Шайлоочулардын колун топтоп келүү партияларды шайлоого каттоонун бир гана шарты болуп калган.
Булак: https://www.bbc.com